Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 3-сентябры ПЖ № 159
Экономикалык кылмыш жасаган адамдарга мунапыс жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мурдагы Президенттери А.Акаев жана К.Бакиев башкарган мезгилдерде үй-бүлөлүк - кландык башкарууга негиз түзүлүп, анын натыйжасында өлкөнүн экономикалык ресурстары сатылып жок болгон жана элдин менчиги таланып-тонолгон. Элдин байлыгын талап-тоноодо А.Акаевдин жана К.Бакиевдин үй-бүлөлөрүнүн чөйрөлөрүнө жакындар жана аткаруу бийлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун, банк чөйрөсүнүн Кыргыз Республикасынын мурдагы президенттеринин жана өздөрүнүн пайдасы үчүн аракеттенишип, мурдагы президенттердин убагында иштешкен кызмат адамдары негизги ролду ойношкон.
Жогоруда айтылган адамдардан мамлекетке келтирилген зыянды төлөтүп алуу максатында бир жолку акция өткөрүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 171, 172-1, 172-2, 173-беренелеринде, "Экономикалык иш чөйрөсүндөгү кылмыштар" тууралуу 22-главасында, "Мамлекеттик эмес ишканалардагы жана уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар" тууралуу 23-главасында, "Кызматтык кылмыштар" тууралуу 30-главасынын 303, 304, 305, 305-2, 306, 307, 308, 315, 316-беренелеринде каралган жана мамлекетти финансылык же материалдык зыянга (мындан ары - зыян) дуушарланткан кылмыштарды 2010-жылдын 7-апрелине чейинки мезгилде жасаган аткаруу бийлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын, банк чөйрөсүнүн кызмат адамдары, ошондой эле А.Акаевдин жана К.Бакиевдин үй-бүлөсүнө жакын адамдар кылмыштык жоопкерчиликтен бошотулсун.
2. Бул Жарлыктын 1-пунктунун күчү кылмыштык териштирүү ишке ашырылып жаткан адамдарга карата, алар кылмыштык иштер өндүрүшүндө турган укук коргоо жана сот органдарына мамлекетке келтирилген зыянды ыктыяры менен төлөө жөнүндө жазуу жүзүндө кайрылышкан шартта колдонулат.
3. Жогоруда аталган адамдар төлөөгө тийиш болгон зыяндын өлчөмүн ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык курамдагы комиссия аныктайт. Төлөнүүчү зыяндын өлчөмүн аныктоодо комиссиянын ишине кылмыштык ишти тергеген (тергеп жаткан) тергөөчү жана кылмыштык териштирүү ишке ашырылып жаткан адамдын адвокаты (өкүлү) милдеттүү түрдө катыштырылат.
Төлөнүүчү зыяндын суммасы аныкталгандан кийин комиссия менен кылмыштык териштирүү ишке ашырылып жаткан адамдын ортосунда макулдашуу түзүлөт.
4. Зыянды төлөө жөнүндө макулдашууда төмөнкүдөй маалымат милдеттүү түрдө болууга тийиш:
- макулдашуунун тараптары жөнүндө маалыматтар;
- комиссия аныктаган жана жеке адам мамлекетке келтирилген зыяндын чегинде төлөөгө милдеттенген финансылык сумма;
- финансылык сумманы төлөөнүн тартиби жана мөөнөтү;
- зыяндын ордун төлөгөн жактын макулдашууга кол коюлган күндөн баштап беш жыл бою саясый, атайын, жогорку администрациялык жана муниципалдык кызмат орундарды ээлөөдөн баш тартуу жөнүндө милдеттенмеси;
- укук коргоочу жана/же сот органынын макулдашуунун тарабы болгон адамга карата кылмыштык ишти токтотуу жөнүндө милдеттенмеси тууралуу маалыматтар;
- кылмыштык териштирүү жүргүзүлүп жаткан адам үчүн ал макулдашуу боюнча алган милдеттенмени аткарбаган учурда болуучу натыйжалар.
5. Кылмыштык териштирүү жүргүзүлүп жаткан адамды кылмыштык жоопкерчиликтен бошотуу жөнүндө мунапысты төмөнкүлөр беришет:
- тергөө органдары, ал органдардын өндүрүшүндө турган кылмыш иштерге карата;
- сот органдары, алардын өндүрүшүндө турган жана бул Жарлык күчүнө киргенге чейин каралбаган кылмыш иштерге карата.
6. Тергөө органдарынын мунапыс актысын колдонуу жөнүндө чечимин Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору, ал жок учурда анын орун басары комиссия аныктаган финансылык сумма төлөнгөндөн кийин бекитүүгө тийиш.
7. Соттор адамга карата мунапыс актысын комиссия аныктаган финансылык сумма төлөнгөндөн кийин колдонушат.
8. Адамдарга карата бул мунапыстын колдонулушу тергөөнүн жана соттордун өндүрүшүндө турган жана бул Жарлык күчүнө киргенге чейин каралбаган иштердин токтотулушуна алып келет.
9. Адамдарга карата бул мунапыстын колдонулушу алар ушул Жарлыктын 2, 5 жана 6-пункттарында каралган шарттарды аткарышканда аларды 2010-жылдын 7-апрелин кошо камтыган мезгилдеги финансылык-чарбалык иштерине текшерүүнүн бардык түрлөрүнөн бошотот.
10. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет жана зыяндын ордун төлөө жөнүндө макулдашууга 2010-жылдын 1-октябрына чейин кол койгон адамдарга карата колдонулат.
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 3-сентябрындагы ПЖ № 159 жарлыгына тиркеме |
Аткаруу бийлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын, банк чөйрөсүнүн кызмат адамдары, ошондой эле А.Акаевдин жана К.Бакиевдин үй-бүлөсүнө жакын адамдар төлөөгө тийиш болгон материалдык жана финансылыкзыяндын өлчөмүн аныктоо боюнча комиссиянын курамы
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын коргонуу, коопсуздук жана укуктук тартип бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын төрагасы | - Табалдиев Бусурманкул Бүркүтович. |
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары
| Иванов Виктор Геннадьевич; |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары
| Баженов Сергей Петрович; |
Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары | - Турганбаев Мелис Токтомамбетович; |
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары | Кожошев Арзыбек Орозбекович; |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын статс-катчысы | Сагынбаев Бакытбек Эсенбаевич;
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы | Шамканов Күмүшбек Күрүчбекович; |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын директорунун орун басары
| Кожобеков Асылбек Эсенжанович; |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары | Осмонов Замирбек Бабакулович; |
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Мамлекеттештирилген мүлктү башкаруу боюнча фондусунун директору | Мурзалиев Азамат;
|
Бишкек ишкерлер клубунун аткаруучу директору | Кыдырбаев Улук Асанкарыевич; |
Кыргыз Республикасынын Банктар ассоциация-сынын өкүлү | Абдраев Анвар Карикеевич; |
Коомдук ишмер | Султангазиев Асанкул;
|
Коомдук ишмер | Акматов Жусупбек.
|
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |