Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 8-сентябры ПЖ № 162
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-апрелиндеги N 24 Декретине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр мөөнөтүнөн мурда бошотулушсун:
Абдибаева Салтанат Нышановна - Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзгөн, жергиликтүү соттун судьясы кызматынан;
Акматов Болотбек Жусупбекович - Ош облусунун Райондор аралык сотунун төрагасы кызматынан;
Кайыпов Самат Таштанович - Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзгөн, жергиликтүү соттун судьясы кызматынан;
Карасартов Бакытбек Бегимбаевич - Бишкек шаарынын Райондор аралык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзгөн, жергиликтүү соттун судьясы кызматынан;
Касымалиев Алмазбек Ниязбекович - Нарын облусунун Ак-Талаа райондук сотунун төрагасы кызматынан;
Кудаяров Жылдызбек Үсөнович - Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзгөн, жергиликтүү соттун судьясы кызматынан;
Мамытов Эмилбек Насипович - Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзгөн, жергиликтүү соттун судьясы кызматынан;
Өмүралиев Замирбек Кашкараевич - Нарын облусунун Ат-Башы райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзгөн, жергиликтүү соттун судьясы кызматынан;
Турдалиев Азизбек Мэлсович - Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзгөн, жергиликтүү соттун судьясы кызматынан;
Хамдамов Нурмахаммад Хатамжанович - Ош шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзгөн, жергиликтүү соттун судьясы кызматынан.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |