Загрузка документа…
КР Президентинин 2011-жылдын 18-январындагы ПЖ N 8 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 9-сентябры ПЖ № 171
Улуттук коопсуздукка келтирилүүчү коркунучту алдын алуу жана жоюу боюнча ишти күчөтүү, туруктуулукту жана укуктук тартипти камсыздоо боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо, инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук абдан маанилүү кызыкчылыктарын камсыздоо максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жана анын секретариаты жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын 2010-жылдын 12-июнундагы № 36-тс тескемеси күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 9-сентябрындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши
жана анын секретариаты жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Коопсуздук кеңешинин негизги милдеттери
III. Коопсуздук кеңешинин курамы жана аны түзүү тартиби
IV. Коопсуздук кеңешинин иштөө тартиби
V. Коопсуздук кеңешинин секретары жана анын орун басары
VI. Коопсуздук кеңешинин секретариаты
VII. Коопсуздук кеңешинин секретариатынын негизги маселелери
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши (мындан ары - Коопсуздук кеңеши) Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин, ошондой эле улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы мыйзам актыларын даярдоону ишке ашыруучу координациялык-кеңеш берүүчү орган болуп эсептелет.
2. Коопсуздук кеңешинин карамагына Кыргыз Республикасынын коопсуздукту камсыздоо жаатындагы ички жана тышкы саясатынын маселелери, коопсуздуктун мамлекеттик, экономикалык, коомдук, коргоо, маалыматтык, экологиялык жана башка түрлөрүнүн стратегиялык проблемалары, калктын ден соолугун коргоо, өзгөчө кырдаалдарды болжолдоо, болтурбоо жана алардын кесепеттерин жок кылуу, туруктуулукту жана укук тартибин камсыздоо, ошондой эле инсандын, коомдун жана мамлекеттин тышкы жана ички коркунучтардан турмуштук маанилүү кызыкчылыктарынын корголуу абалы жөнүндөгү маселелер кирет.
3. Коопсуздук кеңешинин ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин актылары, улуттук коопсуздук жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу ратификацияланган эл аралык келишимдер жана макулдашуулар, ошондой эле ушул Жобо түзөт.
II. Коопсуздук кеңешинин негизги милдеттери
4. Коопсуздук кеңешинин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- инсандын, коомдун жана мамлекеттин турмуштук маанилүү кызыкчылыктарын аныктоо жана коопсуздук объекттерине ички жана тышкы коркунучтарды аныктоо;
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун концепцияларын жана стратегияларын кароо жана бекитүү;
- инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо жаатында ички жана тышкы саясаттын маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштарын кабыл алуу;
- олуттуу социалдык-саясий, экономикалык, аскердик, экологиялык жана башка кесепеттерди алып келиши мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо жана аларды жоюуну уюштуруу боюнча сунуштарды кабыл алуу;
- өзгөчө абалды киргизүү, узартуу же алып салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды берүү;
- улуттук коопсуздукту камсыздоо жана алардын натыйжалуулугун баалоо жаатында кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу процессинде аткаруу бийлиги органдарынын ишин координациялоо боюнча сунуштарды кароо жана киргизүү;
- инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоочу иштеп жаткан органдарды реформалоо же болбосо жаңыларын түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жолу менен улуттук коопсуздукту камсыздоо системасын өркүндөтүү;
- улуттук коопсуздукту камсыздоо системасынын иштеши жөнүндө маалыматтарды талдоо, аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү башка маселелерди чечүү.
III. Коопсуздук кеңешинин курамы жана аны түзүү тартиби
5. Коопсуздук кеңешинин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Президенти эсептелет.
6. Коопсуздук кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, ушул Жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлөт жана Коопсуздук кеңешинин Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу мүчөлөрүнөн турат.
7. Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү анын заседаниелерине алмаштыруу укугусуз катышат.
IV. Коопсуздук кеңешинин иштөө тартиби
8. Коопсуздук кеңешинин иши анын төрагасы бекиткен план боюнча жүргүзүлөт.
Коопсуздук кеңешинин заседаниелери зарылдыгына жараша, бирок үч айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
Коопсуздук кеңешинин заседаниелеринин күн тартибин жана анда маселелерди кароо тартибин Коопсуздук кеңешинин секретарынын сунушу боюнча анын төрагасы аныктайт.
Коопсуздук кеңешинин заседаниесинин Коопсуздук кеңешинин төрагасы алып барат.
9. Коопсуздук кеңешинин чечимдери анын заседаниелеринде Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бекиткенден кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү анын иш процессинде жана чечимдерин даярдоодо тең укукка ээ болот.
10. Маанилүү маселелер алдын ала Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн жумушчу кеңешмелеринде талкууланат, ал Коопсуздук кеңешинин секретарынын жетекчилигинде өткөрүлөт.
11. Каралуучу маселенин мазмунуна жараша Коопсуздук кеңешинин заседаниелерин даярдоого жана катышууга консультанттар, эксперттер жана башка компетенттүү адамдар тартылышы мүмкүн.
12. Коопсуздук кеңешинин чечимдери Коопсуздук кеңешинин заседаниелеринин протоколдору менен таризделет. Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары жана буйруктары чыгарылышы мүмкүн.
13. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешин маалыматтык-аналитикалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтуна, убактылуу комиссияларына, жумушчу топторго жүктөлөт.
V. Коопсуздук кеңешинин секретары жана анын орун басары
14. Коопсуздук кеңешинин секретары Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Коопсуздук кеңешинин ишин камсыздоо боюнча өз ишинде Коопсуздук кеңешинин секретары түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Президентине баш ийет, ал эми башка маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси менен өз ара байланышта иштейт.
Коопсуздук кеңешинин секретары Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин секретариатын жетектейт, ал Коопсуздук кеңешинин ишин камсыздайт.
Коопсуздук кеңешинин секретарынын бир орун басары болот, ал Коопсуздук кеңешинин секретарынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу менен дайындалат.
15. Коопсуздук кеңешинин секретары:
- Коопсуздук кеңешинин ишин пландайт, анын заседаниелеринин күн тартибин түзөт, каралуучу маселелер боюнча Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин долбоорлорун жана зарыл материалдарды даярдоо боюнча иштерди координациялайт;
- улуттук коопсуздукту камсыздоо, Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу маселелери боюнча Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн катышуусунда, ошондой эле мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын жетекчилерин же болбосо алардын өкүлдөрүн чакыруу менен жумушчу жана аппараттык кеңешмелерди өткөрөт;
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун концепцияларынын жана стратегияларынын жол-жоболорун даярдоого багытталган иштерди уюштурат жана камсыздайт;
- улуттук коопсуздукту камсыздоочу министрликтер менен ведомстволордун өз ара байланышта иштөөсүн уюштурат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча координациялайт;
- Кыргыз Республикасынын Президентине улуттук коопсуздукту камсыздоо жаатындагы мамлекеттик кадр саясатын иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизет;
- Коопсуздук кеңешинин заседаниелерине керектүү материалдарды даярдоо жана Коопсуздук кеңешинин компетенциясына кирүүчү башка маселелер боюнча Коопсуздук кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссияларын, жумушчу топторун белгиленген тартипте түзөт жана иштерин координациялайт;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин улуттук коопсуздук маселелери боюнча чечимдери ишке ашырылышын контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Өкмөтү менен улуттук коопсуздук маселеси боюнча өз ара байланышта иштешет;
- Коопсуздук кеңешинин секретариатынын ишин жалпы жетектейт.
16. Коопсуздук кеңешинин секретары Коопсуздук кеңешинин иши камсыздалышы жана кабыл алынган чечимдердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот.
17. Коопсуздук кеңешинин секретарынын орун басары:
- Коопсуздук кеңешинин секретариатынын ишин түздөн түз жетектейт, ошондой эле анын кызматкерлеринин өз ара байланышта иштөөлөрүн координациялайт;
- Коопсуздук кеңешинин секретарына кызматкерлер даярдаган документтерди баяндайт;
- Коопсуздук кеңешинин секретариатынын компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен кеңешмелерди өткөрөт;
- аткаруу бийлигинин органдарына, уюмдардан жана кызмат адамдарынан Коопсуздук кеңешинин секретариатынын ишин жүргүзүү үчүн керектүү материалдарды сурайт жана алат;
- жарандарды Коопсуздук кеңешинин секретариатынын компетенциясына кирген маселелер боюнча кабыл алууну, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароону уюштурат.
VI. Коопсуздук кеңешинин секретариаты
18. Коопсуздук кеңешинин секретариаты (мындан ары - секретариат) "Улуттук коопсуздук жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жободо жана ушул Жободо белгиленген компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өз алдынча структуралык бөлүгү болот.
Секретариатта Коопсуздук кеңешинин аты жазылган бланкы болот. Секретариат Коопсуздук кеңешинин ишин уюштуруу-техникалык жана информациялык-аналитикалык жактан камсыздайт.
19. Секретариаттын структурасын жана штаттык санын Кыргыз Республикасынын Президенти Коопсуздук кеңешинин секретарынын сунушу боюнча бекитет.
20. Коопсуздук кеңешинин секретариатынын кызматкерлерин кызматка Кыргыз Республикасынын Президентинин администрация жетекчиси Коопсуздук кеңешинин секретарынын сунушу боюнча дайындайт жана бошотот.
21. Коопсуздук кеңешинин секретарынын сунушу боюнча секретариаттагы жооптуу кызмат орундардын айрымдарын ага аскер кызматчыларды, Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын, башка министрликтеринин жана ведомстволорунун кызматчыларын иштөөгө жиберүү жолу менен ээлесе болот.
22. Коопсуздук кеңешинин секретариатын информациялык-аналитикалык камсыздоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын структуралык бөлүктөрүнө, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына, Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтуна, убактылуу комиссияларга, жумушчу топторго тапшырылат.
VII. Коопсуздук кеңешинин секретариатынын
негизги маселелери
23. Коопсуздук кеңешинин секретариатынын негизги маселелери төмөнкүлөр:
- Коопсуздук кеңешинин иш пландарынын долбоорлорун иштеп чыгуу;
- Коопсуздук кеңешинин секретариатынын жыйындары жана анын материалдары даярдалышын камсыздоо;
- улуттук коопсуздук объекттеринин маанилүү кызыкчылыктарына болгон ички жана тышкы коркунучтарды баалоо, коркунучтун булактарын табуу;
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун абалына таасир этүүчү ички жана тышкы шарттардын жана факторлордун өзгөрүүлөрүнүн илимий негизделген божомолдорун даярдоо;
- атайын түзүлгөн комиссия менен бирдикте Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун концепциясын жана стратегиясын иштеп чыгуу;
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыздоо системасынын иши жөнүндө маалыматтарды топтоо, талдоо жана иштеп чыгуу жана коомдун жана мамлекеттин ар кыл чөйрөлөрүндөгү коопсуздуктун абалы жөнүндө аналитикалык баяндамаларды даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешине анын чечимдерин аткаруунун абалы жөнүндө маалымат берүү;
- улуттук коопсуздук маселеси боюнча мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин долбоорлорун даярдоо;
- адамдын, коомдун жана мамлекеттин маанилүү кызыкчылыктарына тышкы жана ички коркунучтарды нейтралдаштыруу боюнча сунуштарды даярдоо;
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук концепциясынын жана стратегиясынын алкагында улуттук коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча документтердин даярдалышын уюштуруу;
- Коопсуздук кеңешинин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын, жумушчу топторунун иштерин камсыздоо;
- Коопсуздук кеңешинин чечимдери аткарылышын контролдоо.
24. Коопсуздук кеңешинин секретариатынын кызматкерлери Коопсуздук кеңешинин секретары бекиткен кызматтык милдеттердин бөлүштүрүлүшүнө жараша аларга тапшырылган милдеттердин аткарылышы үчүн жоопкерчиликте болушат.