Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 27-сентябры ПЖ № 206
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 28-апрелиндеги № 24 Декретине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр мөөнөтүнөн мурда бошотулсун:
Бабаев Жыргалбек Олжобаевич - Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүчү жергиликтүү соттун судьясы кызматынан;
Жутанов Алмаз Токтоназарович - Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүчү жергиликтүү соттун судьясы кызматынан;
Нишанов Буркан Мурзаевич - Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүчү жергиликтүү соттун судьясы кызматынан.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |