Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык   КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

ЖАРЛЫГЫ

2010-жылдын 28-сентябры ПЖ № 211

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын курамынан айрым мүчөлөрүнүн "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 4-пунктуна ылайык чыккандыгын эске алып

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрү болуп дайындалсын:

- Бапанова Жаркын Базановна - "Ак-Шумкар" саясий партиясынан;

- Бекбасаров Рашид Бердибаевич - Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынан;

- Сооронкулова Клара Сыргакбековна - "Ата-Мекен" социалисттик партиясынан.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

Р. Отунбаева