Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2014-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ № 201 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

ЖАРЛЫГЫ

2010-жылдын 29-сентябры ПЖ № 217

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Судьялардын окуу борбору жөнүндө" Жарлыгына толуктоо киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 75 "Чет мамлекеттердин расмий документтерин легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу конвенциянын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-апрелиндеги № 143 "Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Судьялардын окуу борбору жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу жана жыйырманчы абзацтар менен толукталсын:

"- сот органдарынан чыккан расмий документтерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте апостиль коет;

- Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук жардам көрсөтөт;".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Президент

Кыргызской Республики

 

Р.Отунбаева