КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 12-октябры ПЖ № 239
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 1-февралындагы Жарлыгын күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын базасында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара кызматы түзүлгөндүгүнө байланыштуу
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 1-февралындагы № 32 Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
2. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |