Загрузка документа…
КР Президентинин 2010-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 239 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 1-февралы ПЖ №32
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө Жобону бекитүү тууралу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 10-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын ишин оптималдаштыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматы жөнүндө Жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик чек ара кызматын өзгөртүп түзүү менен байланышкан бардык уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. "Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 3-сентябрындагы №393 Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчисинин Кызматына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |