Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 12-октябры ПЖ № 242
А.Калмамат уулу жөнүндө
2010-жылдын 27-июнундагы референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы № 107 Декретине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Калмамат уулу Алтынбек мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык дайындалганга чейинки мөөнөткө Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук сотунун төрагасы болуп дайындалсын.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |