Редакцияот 21.10.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2010-жылдын 21-октябры ПЖ № 252

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-майындагы "Ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин бирдиктүү эсепке алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө" Жарлыгын күчүн жоготту деп табуу тууралуу

Мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү каттоонун ашыкча жол-жоболорун болтурбоо максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-майындагы № 237 "Ишкердиктин субъекттерин текшерүүлөрдү жүргүзүү тартибин бирдиктүү эсепке алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

Р.Отунбаева