Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 26-февралындагы № 57 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2002-жылдын 14-июну № 101
КЫРГЫ3 РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
Ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2008-жылдын 13-октябрындагы № 211, 2017-жылдын 24-январындагы № 10, 2018-жылдын 4-августундагы № 84 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I Глава. Мунапыс берүү II Глава. Ырайым кылуу III Глава. Корутунду жоболор
I Глава. Мунапыс берүү
(Глава Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготту)
II Глава. Ырайым кылуу
14-статья. Ырайым кылуу жөнүндө жалпы жоболор
Ырайым кылуу - соттолгон адамды жазадан толук же жарым-жартылай бошотуу же сот дайындаган жазаны кыйла жеңил жазага алмаштыруу. Ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч, эреже катары, өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин соттолгондордун жекече өтүнүчтөрү боюнча каралат.
15-статья. Ырайым кылуу жөнүндө акт
Ырайым кылуу белгилүү бир жеке адамга карата Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Президент) тарабынан гана жүзөгө ашырылат. Ырайым кылуу жөнүндө акт өтүнүчү түшкөн соттолгондун тийиштүү дарегине багытталган Президенттин указы мекен кабыл алынат. Ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч четке кагылган учурда Президент расмий чечим чыгарат. Ырайым кылуу актысы менен Президент төмөндөгүлөрдү белгилеши мүмкүн: 1) адамды жазанын өтөлө элек бөлүгүн өтөөдөн бошотууну; 2) өтөлө элек жазанын белгилүү бир бөлүгүн кыскартууну; 3) дайындалган жазаны же анын өтөлө элек бөлүгүн жазалоонун кыйла жеңил чарасына алмаштырууну; 4) кошумча жаза аткарылбаган шартта андан бошотууну.
16-статья. Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссия
Ырайым кылуу маселелерин алдын ала кароо үчүн Президент Ырайым кылуу маселелери боюнча комиссияны (мындан ары - Комиссия) түзөт. Комиссия өз ишин Президенттин указы менен бекитилген жобого ылайык жүзөгө ашырат. Комиссиянын жекече жана сандык курамы Президенттин указы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, коомдук бирикмелердин жана улуттук-маданий борборлордун өкүлдөрүнүн ичинен бекитилет.
17-статья. Комиссиянын иш-милдеттери
Комиссия өзүнө жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн төмөндөгүлөрдү карайт: 1) Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан соттолгон адамдарга ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрдү; 2) өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон жана ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч бербеген адамдарга тийиштүү материалдарды; 3) Кыргыз Республикасынын соттору өмүр бою эркиндигинен ажыратууга өкүм кылган адамдарга карата ырайым кылууну колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунуштамасын. Комиссия Президентке төмөндөгүдөй корутундуларды киргизет: 1) өмүр бою эркиндигинен ажыратууну белгилүү мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга эркиндигинен ажыратууга алмаштыруу; 2) жазаны өтөөдөн толук же жарым-жартылай бошотуу; 3) эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазанын өтөлө элек бөлүгүн кыйла жеңил жазага алмаштыруу. (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-статья. Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамга ырайым кылуу (Аталышы Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон ар бир адам ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч билдирүүгө укуктуу. Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар, аларга мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдүн же Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтомунун (аныктамасынын) көчүрмөлөрү тапшырылган күндөн тартып он сутканын ичинде ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч менен Президентке кайрыла алышат. Эгерде өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адам көрсөтүлгөн мөөнөттө ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч бербесе же мындай өтүнүч менен кайрылгысы келбегендигин билдирсе, тергөө изоляторунун администрациясы ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч берүүдөн баш тартуу жөнүндө акт түзөт. Өтүнүч же ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч берүүдөн баш тартуу тууралу акт өтүнүч алынган же өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдын ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч берүүдөн баш тарткандыгы тууралу акт түзүлгөн күндөн тартып үч күндөн кечиктирилбестен Президентке жөнөтүлөт. (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
19-статья. Өлүм жазасына өкүм кылынган адамга карата өкүмдү аткаруу
(Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамына ылайык алынып салынды)
20-статья. Кайталап өтүнүч берүү
Өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгон адамдын ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчү четке кагылган учурда, көңүл бурууга татыктуу жаңы жагдайлар болбогондо бир жыл, өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгонго - он жыл өткөндөн кийин, ал эми башка кылмыштар үчүн соттолгон адамдарга карата - мурдагы өтүнүч четке кагылган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин кайталап өтүнүч берилиши мүмкүн. Көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин келип түшкөн кайталап берилген өтүнүчтөр болгон материалдарга кошо тиркелет. (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
21-статья. Ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтү кароодо эске алынуучу жагдайлар
Ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөр, эреже катары, соттолгондордун жекече өтүнүчтөрү боюнча жана өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин гана каралат. Ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтү кароодо төмөндөгүлөр эске алынат: 1) жасалган кылмыштын мүнөзү жана коомдук коркунучтуулугунун даражасы, соттолгондун инсандыгы, анын жүрүм-туруму, эмгекке карата мамилеси, жазанын өтөлгөн мөөнөтү; 2) түзөтүү мекемесинин администрациясынын, байкоочу комиссиянын, жашы жетпегендер боюнча комиссиянын, коомдук уюмдардын жана эмгек жамааттарынын ой-пикирлери. Ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтү кароодо башка жагдайлар да эске алынышы мүмкүн.
22-статья. Көңүл бурууга арзыган жагдайлар же өтүнүчтөр
Оңолуу жолуна түшпөгөн же сот тарабынан дайындалган жазанын мөөнөтүнүн аз эле бөлүгүн өтөгөн соттолгондордун ырайым кылуу жөнүндөгү өтүнүчтөрү, ошондой эле оор кылмыштар үчүн соттолгон, болбосо өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыш жасаган катары соттолгон адамдардын ырайым кылуу жөнүндөгү өтүнүчтөрүндө көңүл бурууга арзыган жагдайлар болгондо же Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, прокуратура, улуттук коопсуздук, жазык-аткаруу тутумунун органдарынын, коомдук уюмдардын же эмгек жамааттарынын өтүнүчтөрү болгондо гана Комиссиянын кароосуна киргизилет. (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
23-статья. Ырайым кылуунун өзгөчө учурлары
Эгерде өзгөчө коркунучтуу өнөкөт кылмыш жасаган адамдар, ошондой эле мурда мунапыс берүү, ырайым кылуу, болбосо жазадан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу же жазаны кыйла жеңил жазага алмаштыруу колдонулган адамдардын соттолгондугу жоюлганга же алынып салынганга чейин кайрадан атайын кылмыш жасашса, алар өзгөчө учурларда гана ырайым кылынышы мүмкүн.
24-статья. Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдардын өтүнүчтөрүн кароонун тартиби (Аталышы Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Президенттин атына келип түшкөн өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга ырайым кылуу жөнүндөгү өтүнүчтөр же бул адамдардын ырайым кылуу жөнүндө өтүнүч берүүдөн баш тарткандыгы тууралу материалдар Комиссия караганга чейин Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, Улуттук коопсуздук кызматына жана Башкы прокуратурасына жөнөтүлөт, алар зки айлык мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынган соттук чечимдердин мазмунун, кылмыш жасоонун жагдайларын, соттолгондордун инсандыгы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен ар бир өтүнүчтүн же өтүнүч берүүдөн баш тартуу жөнүндөгү материалдын маңызы боюнча өздөрүнүн корутундуларын беришет. (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-июнундагы № 91, 2008-жылдын 13-октябрындагы № 211 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 13-октябрындагы № 211 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, текстке дал келбейт.
25-статья. Өзгөчө коркунучтуу мамлекеттик кылмыш үчүн эркиндигинен ажыратууга өкүм кылынган адамдарга ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөр боюнча корутунду
Өзгөчө коркунучтуу мамлекеттик кылмыш үчүн эркиндигинен ажыратууга өкүм кылынган адамдарга ырайым кылуу жөнүндө Комиссиянын кароосуна киргизилген өтүнүчтөр боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси өздөрүнүн корутундуларын беришет. (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 13-октябрындагы № 211 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
26-статья. Ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрдү киргизүүнүн тартиби
Соттолгондордун түзөтүү мекемесинин администрациясы аркылуу берген ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрү, соттордун бардык өкүмдөрүнүн көчүрмөлөрү, администрациянын жана байкоочу комиссиянын же жашы жетпегендердин иштери боюнча комиссиянын ой-пикирлерин көрсөтүү менен соттолгондордун иши жана жүрүм-туруму жөнүндө толук мүнөздөмөлөр, ошондой эле ырайым кылуу жөнүндөгү маселени кароо үчүн мааниге ээ болгон башка документтер жана маалыматтар тиркелип Президенттин кароосуна жөнөтүлөт. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга ырайым кылуу жөнүндөгү өтүнүчтөр Президенттин кароосуна соттолгонго карата ырайым кылууну колдонуу жөнүндө Комиссиянын сунуштары болгондо киргизилет. Эгерде Комиссия ырайым кылууну колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизүү үчүн негиздерди таппаса, бул жөнүндө Президентке маалымат берилет, ал эми арыз берүүчүлөргө ырайым кылуу жөнүндө өтүнүчтөрү четке кагылгандыгы тууралу билдирилет.
27-статья. Текшерүүгө муктаж болгон ырайым кылуу жөнүндөгү өтүнүчтөр
Соттоонун негизсиздигин белгилеген же мыйзамдуулуктун башка бузууларын текшерүү муктаждыгын камтыган ырайым кылуу жөнүндөгү өтүнүчтөр текшерүү үчүн алдын ала прокуратура жана сот органдарына жөнөтүлөт.
28-статья. Ырайым кылуу маселелери боюнча Президенттин актыларын аткаруу
Президенттин ырайым кылуу жөнүндө жана ырайым кылуу тууралу өтүнүчтү четке кагуу жөнүндө указдарын аткаруу үчүн төмөндөгүлөргө жөнөтүлөт: 1) өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга карата, - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна; 2) эркиндигинен ажыратууга, шарттуу түрдө эркиндигинен ажыратууга же өкүмдүн аткарылышын кийинкиге калтыруу менен, эркиндигинен ажыратпай туруп коомдук иштерге соттолгон адамдарга карата, - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана Юстиция министрлигине; 3) тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо түрүндө жазага өкүм кылынган аскер кызматчыларына карата, - Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине; 4) эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жазалоонун башка чараларына өкүм кылынгандарга карата, - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна. (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
29-статья. Өкүмдөрдүн аткарылышы жөнүндө билдирүүлөр
Өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга карата өкүмдүн аткарылышы жөнүндө билдирүүлөр Президентке Кыргыз Республикасынын Юстиция министри тарабынан, ал эми жазанын башка чаралары аныкталган адамдарга ырайым кылуу жөнүндө указдардын аткарылышы жөнүндө билдирүүлөр - бул указдарды аткаруу жүктөлгөн органдар тарабынан жөнөтүлөт. (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-июнундагы № 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
30-статья. Өкүмдү жаңы ачылган жагдайлар боюнча же көзөмөлдүк тартибинде бузуу же өзгөртүү
Президент тарабынан мурда ырайым кылуу колдонулган соттолгондорго карата жаңы ачылган жагдайлар боюнча же көзөмөлдүк тартибинде өкүмдөр бузулган же өзгөртүлгөн учурда соттор кабыл алынган чечимдер жөнүндө Президентке маалымат беришет.
III Глава. Корутунду жоболор
31-статья. Эл аралык мыйзамдар
Эгерде Кыргыз Республикасы ратификациялаган келишимде ушул Мыйзамда камтылгандардан бөлөк ченемдер белгиленсе, эл аралык келишимдин ченемдери колдонулат.
32-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
|