Загрузка документа…
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы № 577 жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкерлердин окутуудан өтүшү жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2011-жылдын 20-январындагы ПЖ № 13 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
I. Окутуунун максаттары жана принциптери
II. Кирүү сынактары
III. Судьялар Борборуна окууга өткөн адамдардын укуктук статусу
IV. Окутуунун формалары жана мөөнөттөрү
V. Окутуунун программасы
VI. Лекторлор жана окутуучулар
VII. Окутууну финансылоо, ага акы төлөө
VIII. Квалификациялык (бүтүрүү) сынагы
IX. Окутууну аяктоо жөнүндө документти берүү
X. Квалификациялык комиссия
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкерлердин окутуудан өтүшү жөнүндө ушул Жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы Судьялардын окуу борборунда (мындан ары - Судьялар борбору) адистештирилген кесиптик окутуудан өтүү эрежелерин аныктайт. Жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордуна окутуу "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 17-беренесин, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесин жүзөгө ашыруу максатында жүргүзүлөт, ага ылайык жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордун ээлөөгө талапкер болгон жана судьялык иш стажы жок адамдар Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши бекиткен программа боюнча окутуунун жыйынтыгы боюнча күбөлүккө ээ болууга тийиш.
1. Окутуунун максаты болуп окутуудан өтүп жаткан адамдардын судьялык иштин кесиптик ыкмаларын өздөштүрүшү саналат.
2. Окутуунун принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши (мындан ары - Судьялар кеңеши) бекиткен бирдиктүү программа боюнча окутуу;
2) окутууга тандап алууда жана баа берүүдө объективдүүлүк;
3) окутуунун практикалык (чакан адистешүү) багыты;
4) программалардын баланстуулугу (судьялардын жөндөмдөрдү жана мамилелерди өздөштүрүшүнө багытталган өз ара байланыштуу теориялык жана тажрыйбалык сабактардын, стажировкалардын системасы).
3. Окууга талапкер адамдар Судьялар борбору иштеп чыккан жана Судьялар кеңеши бекиткен эрежелер боюнча кирүү сынактарын тапшырат. Кирүү сынактары жогорку деңгээлдеги юридикалык билими бар, ошондой эле судьянын кызмат ордунда андан ары иштөө үчүн зарыл сапаттарга ээ болгон алда канча татыктуу адамдарды табуу максатында жүргүзүлөт.
(КР Президентинин 2011-жылдын 20-январындагы ПЖ № 13 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Кирүү сынактарына төмөнкү талаптарга жооп берген адамдарга жол берилет:
1) Кыргыз Республикасынын жарандыгы барларга;
2) окууну аяктаган учурга карата 30 жашка чыккандарга;
3) жогорку юридикалык билими жана юридикалык кесип боюнча кеминде беш жылдык иш стажы барларга;
4) соттуулугу жокторго, анын ичинде соттуулугу тындырылгандарга же алып салынгандарга;
5) кынтыксыз эмес жүрүш-турушуна байланыштуу мурда Кыргыз Республикасынын судьясынын кызматынан бошотулбагандарга.
5. Кирүү сынактарына арыз берүүнүн мөөнөтү жана орду жөнүндө, ошондой эле орундардын саны жөнүндө маалымат ЖМКларга жарыяланат жана сот системасынын веб-порталына жайгаштырылат.
6. Кирүү сынагы квалификациялык комиссия тарабынан өткөрүлөт.
(КР Президентинин 2011-жылдын 20-январындагы ПЖ № 13 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
7. Кирүү сынактары төмөнкүлөрдөн турат:
1) укуктун ар кандай тармактары боюнча жазуу жүзүндөгү тестирлөөдөн;
2)(КР Президентинин 2011-жылдын 20-январындагы ПЖ № 13 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3) аңгемелешүүдөн.
(КР Президентинин 2011-жылдын 20-январындагы ПЖ № 13 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
8. Кабыл алуу үчүн адамдардын тизмеси квалификациялык комиссия тарабынан кирүү сынактарынын жыйынтыктары боюнча аныкталат жана аларды кабыл алуу үчүн Судьялар борборунун директорунун буйругу чыгарылат.
(КР Президентинин 2011-жылдын 20-январындагы ПЖ № 13 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
9. Судьялар Борборуна окууга өткөн адамдар "Угуучу" деген статуска ээ болушат.
Угуучу окутуудан өтүү учурунда ал ээ болгон купуя маалыматтарды ачыкка чыгарбоо жөнүндө тил кат берет. Ал тил кат анын өздүк ишинде сакталат.
Угуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, ушул Жобону жана окутуудан өтүүнүн эрежелерин сактоого;
2) алынган маалыматты окутуудан өтүү менен түздөн түз байланышкандан тышкаркы кандайдыр-бир максаттарда ачыкка чыгарбоого жана пайдаланбоого;
3) окутуу процессине ак ниеттүү мамиле кылууга;
4) окутуудан өтүүнүн эрежелеринде каралган башка милдеттерди көтөрүүгө.
10. Угуучу окутуудан өтүүнүн белгиленген эрежелерин ар кандай бузушу тартиптик жазалоо үчүн негиз боло алат.
Төмөнкүдөй тартип жазалары каралган:
1) жазуу жүзүндөгү эскертүү;
2) окуудан чыгаруу.
Тартип жазасы Судьялар борборунун директору тарабынан колдонулат. Тартип жазасын колдонуу жөнүндө чечим жүйөлүү болууга тийиш жана чечимдин көчүрмөсү угуучунун өздүк ишине жазылат.
11. Угуучунун өздүк иштери Судьялар борборунда сакталат. Аларды сактоо мөөнөтү жана тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.
12. Угуучуларды күндүз окутуу формасында жүргүзүлөт.
Күндүз жана сырттан окутуу формасынан өтүү үчүн орундардын саны жыл сайын Судьялар борбору тарабынан аныкталат жана Судьялар кеңеши тарабынан бекитилет.
(КР Президентинин 2011-жылдын 20-январындагы ПЖ № 13 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
13. Угуучуларды окутуу мөөнөтү беш айды түзөт, алардын 3,5 айы теориялык жана практикалык сабактарга, 1,5 айы стажировкага бөлүнөт.
(КР Президентинин 2011-жылдын 20-январындагы ПЖ № 13 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
14. Окутуу программасы Судьялар борбору тарабынан иштелип чыгат жана Судьялар кеңеши тарабынан бекитилет жана тереңдетилген билимдерди алууга жана судьялык жөндөмгө ээ болууга багытталган, өз ара байланышкан теориялык, тажрыйбалык сабактардын жана стажировкалардын системасынан турат.
Мурдагы иш тажрыйбасына карабастан, бардык угуучулар бирдиктүү программа боюнча окушат.
Программанын бирдиктүүлүгү төмөнкүлөр менен камсыз кылынат:
1) окутуудан өтүү мезгилинде угуучулар бирдей (окшош эле) тапшырмаларды аткарышы;
2) варианттык курамдардын жоктугу (башкача айтканда, тандоо боюнча эмес, ар бир угуучу бардык тапшырмаларды аткарат жана бардык стажировкалардан өтөт);
3) бирдиктүү стандарт боюнча сабактын модулдарын даярдоо;
4) угуучуларга баа берүүнүн бирдиктүү критерийлери менен.
15. Угуучулардын билимине, көндүмдөрүнө жана жөндөмүнө баа берүү критерийлери окутуунун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен Судьялар борбору тарабынан иштелип чыгат жана Судьялар кеңеши тарабынан бекитилет.
16. Теориялык сабактар укук жагындагы илимий-педагогикалык адистер, ошондой эле иштеп жаткан кызматкерлер тарабынан жүргүзүлөт.
Тажрыйбалык сабактарды жана стажировкаларды укуктук иштин ар кандай тармактарындагы тажрыйбалуу адистер алып барат.
17. Окутуу акы төлөөнүн негизинде жүргүзүлөт.
Жыл сайын Судьялар кеңеши жана Судьялар борбору окутууну уюштурууга жана өткөрүүгө бюджетти иштеп чыгат.
Жыл сайын окутуу үчүн акынын өлчөмү окутуунун ар бир формасы боюнча Судьялар борбору тарабынан аныкталат жана Судьялар кеңеши тарабынан бекитилет.
(Бөлүм КР Президентинин 2011-жылдын 20-январындагы ПЖ № 13 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
18. Угуучулар окутуунун натыйжалары боюнча квалификациялык (бүтүрүү) сынагын тапшырат. Квалификациялык сынакты квалификациялык комиссия кабыл алат. Квалификациялык сынактан өтпөй калган угуучулар эки календардык жылдан эрте эмес кайрадан окутуудан өтүүгө талапкер болууга акысы бар.
19. Окутуудан өткөн жана бүтүрүү сынагын тапшырган угуучуларга Судьялар кеңеши бекиткен үлгүдөгү окутууну аяктагандыгы жөнүндө күбөлүк берилет. Күбөлүккө Судьялар борборунун директору кол коет, Судьялар борборунун гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 17-беренесине ылайык үч жыл бою анык болуп саналат.
(Бөлүм КР Президентинин 2011-жылдын 20-январындагы ПЖ № 13 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
20. Квалификациялык комиссия 7 адамдан түзүлөт, алардын курамына Судьялар кеңешинин үч мүчөсү жана Кыргыз Республикасынын төрт судьясы кирет. Квалификациялык комиссиянын курамы Судьялар кеңеши тарабынан түзүлөт жана бекитилет. Квалификациялык (бүтүрүү) сынакты өткөрүү тартиби Судьялар борбору тарабынан иштелип чыгат, Судьялар кеңеши тарабынан бекитилет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |