Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 18-декабры №287
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 24-сентябрындагы «Кыргыз Республикасынын пенсиялык cистемасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча Концепцияны жана Иш-чаралар планын өркүндөтүү жана андан ары ишке ашыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 339 «Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) жогоруда аталган Жарлык менен жактырылган Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү Концепциясынын 2-главасынын отуз тогузунчу абзацындагы «бир жылдан» деген сөздөр «үч жылдан» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча Иш-чаралардын планында:
- 4-пунктундагы «2009» цифралары «2012» цифралары менен алмаштырылсын;
- 6-пунктундагы «2009-жылдын июль-октябры» деген цифралар жана сөздөр «2009-жылдын июлу - 2012-жылдын июлу» деген цифралар жана сөздөр алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |