Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 24-сентябры ПЖ № 339
Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча чаралар жөнүндө
(КР Президентинин
2009-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 310 , 2010-жылдын 18-ноябры №287 Жарлыгынын
редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасында пенсиялык системаны андан ары реформалоо, пенсия менен камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу, орто жана узак мөөнөттүү келечекте пенсиялык фонддун финансылык туруктуулугуна жетишүү, өлкөнүн экономикасына инвестиция катары Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун акчалай ресурстарын тартуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүүнүн тиркелген Концепциясы жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү боюнча иш-чаралардын тиркелген Планы (мындан ары - План) бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ушул Жарлыктын жана Пландын аткарылышы үчүн жооптуу башка аткаруу бийлик органдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин борбордук органдары:
- Планды толук көлөмүндө жана белгиленген мөөнөттө жүзөгө ашырууну жана аткарууну камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын белгиленген тартипте ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду Кыргыз Республикасынын пенсиялык системасына топтоо бөлүгүн киргизүү үчүн 2008-жылга Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин каражаттарынын эсебинен кошумча каражаттарды издеп тапсын жана зарыл сметаны бекитсин.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 19-февралындагы № 56 "Кыргыз Республикасында пенсиялык системаны андан ары реформалоонун Концепциясын жактыруу жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |
|
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 24-сентябрындагы № 339 жарлыгы менен бекитилген |
(КР Президентинин
2009-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 310 , 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 287 Жарлыгынын
редакцияларына ылайык)
┌──┬──────────────────────────┬───────────┬────────────────────┬──────┐
│N │ Иш-чаралар │ Аткаруу │ Аткаруу үчүн │Эскер-│
│ │ │мөөнөттөрү │ жооптуулар │ түү │
├──┼──────────────────────────┼───────────┼────────────────────┼──────┤
│1 │Пенсиялык системага топтоо│2008-жылдын│Эмгек жана социалдык│ │
│ │бөлүгүн киргизүүгө │октябрь- │өнүгүү министрлиги, │ │
│ │байланыштуу өзгөртүүлөрдү │ноябры │Социалдык фонд │ │
│ │жана толуктоолорду │ │Экономикалык өнүгүү │ │
│ │киргизүүнү талап кылган │ │жана соода │ │
│ │колдонуудагы ченемдик │ │министрлиги, │ │
│ │укуктук актыларды │ │Финансы министрлиги,│ │
│ │түгөлдөөнү жүргүзүү │ │Финансылык рынокту │ │
│ │ │ │көзөмөлдөө жана │ │
│ │ │ │жөнгө салуу кызматы,│ │
│ │ │ │Юстиция министрлиги,│ │
│ │ │ │Улуттук банк │ │
├──┼──────────────────────────┼───────────┼────────────────────┼──────┤
│2 │Пенсиялык системага топтоо│2008-жылдын│Социалдык фонд │ │
│ │бөлүгүн киргизүүнү эске │октябры - │ │ │
│ │алуу менен 2009-жылга │2009-жылдын│ │ │
│ │Кыргыз Республикасынын │январы │ │ │
│ │Социалдык фондунун │ │ │ │
│ │бюджетинин долбоорун │ │ │ │
│ │даярдоо │ │ │ │
├──┼──────────────────────────┼───────────┼────────────────────┼──────┤
│3 │Кыргыз Республикасынын │2008-жылдын│Социалдык фонд │ │
│ │колдонуудагы мыйзамдарына │октябры - │ │ │
│ │өзгөртүүлөрдү жана │2009-жылдын│ │ │
│ │толуктоолорду киргизүү │январы │ │ │
│ │боюнча мыйзам долбоорлорун│ │ │ │
│ │иштеп чыгуу: │ │ │ │
│ │- "Кыргыз Республикасынын │2008-жылдын│Социалдык фонд │ │
│ │Социалдык фонду жөнүндө"; │ноябры - │ │ │
│ │ │2009-жылдын│ │ │
│ │ │январы │ │ │
│ │- "Мамлекеттик социалдык │2008-жылдын│Социалдык фонд │ │
│ │камсыздандыруу жөнүндө"; │ноябры - │ │ │
│ │ │2009-жылдын│ │ │
│ │ │январы │ │ │
│ │- пенсиянын топтоо бөлүгүн│2008-жылдын│Социалдык фонд │ │
│ │киргизүү, пенсиялык │ноябры - │Эмгек жана │ │
│ │топтоолорду мурастоо │2009-жылдын│социалдык │ │
│ │укугу жагынан "Мамлекеттик│январы │өнүгүү │ │
│ │пенсиялык социалдык │ │министрлиги │ │
│ │камсыздандыруу жөнүндө"; │ │ │ │
│ │- "Аскер кызматчыларын │2009-жылдын│Эмгек жана │ │
│ │пенсия менен камсыз кылуу │июль- │социалдык өнүгүү │ │
│ │жөнүндө"; │октябры │министрлиги, │ │
│ │ │ │Социалдык фонд │ │
│ │- жеке камсыздандыруу │2008-жылдын│Социалдык фонд │ │
│ │эсебинин атайын бөлүгүн │ноябры - │ │ │
│ │киргизүү, инвестициялык │2009-жылдын│ │ │
│ │киреше жөнүндө маалыматты │январы │ │ │
│ │берүү боюнча │ │ │ │
│ │милдеттенмелерди белгилөө │ │ │ │
│ │жагынан "Милдеттүү │ │ │ │
│ │социалдык камсыздандыруу │ │ │ │
│ │максаттары үчүн Кыргыз │ │ │ │
│ │Республикасынын жарандарын│ │ │ │
│ │жекече (индивидуалдуу) │ │ │ │
│ │эсепке алуу жөнүндө"; │ │ │ │
│ │- пенсиянын топтоо │2008-жылдын│Социалдык фонд │ │
│ │бөлүгүнө жумшалуучу │ноябры - │ │ │
│ │камсыздандыруу │2009-жылдын│ │ │
│ │взносторунун тарифтеринин │январы │ │ │
│ │ставкаларын белгилөө │ │ │ │
│ │жагынан "Мамлекеттик │ │ │ │
│ │социалдык камсыздандыруу │ │ │ │
│ │боюнча камсыздандыруу │ │ │ │
│ │взносторунун тарифтери │ │ │ │
│ │жөнүндө"; │ │ │ │
│ │- "Лицензиялоо жөнүндө"; │2008-жылдын│Финансылык │ │
│ │ │ноябры - │рынокту көзөмөлдөө │ │
│ │ │2009-жылдын│жана жөнгө салуу │ │
│ │ │январы │кызматы │ │
│ │- "Баалуу кагаздардын │2008-жылдын│Финансылык │ │
│ │ рыногу жөнүндө"; │ноябры - │рынокту көзөмөлдөө │ │
│ │ │2009-жылдын│жана жөнгө салуу │ │
│ │ │январы │кызматы │ │
│ │- Кыргыз Республикасынын │2008-жылдын│Экономикалык өнүгүү │ │
│ │ Салык кодекси; │ноябры - │жана соода │ │
│ │ │2009-жылдын│министрлиги, │ │
│ │ │январы │Юстиция министрлиги │ │
│ │- Кыргыз Республикасынын │2009-жылдын│Социалдык фонд, │ │
│ │ Жарандык кодекси │июль- │Экономикалык өнүгүү │ │
│ │ │декабры │жана соода │ │
│ │ │ │министрлиги, │ │
│ │ │ │Юстиция │ │
│ │ │ │министрлиги │ │
├──┼──────────────────────────┼───────────┼────────────────────┼──────┤
│4 │"Мамлекеттик социалдык │2008-жылдын│Социалдык фонд, │ │
│ │камсыздандыруу боюнча │ноябры - │Финансылык рынокту │ │
│ │пенсиянын топтоо бөлүгүн │2012-жылдын│көзөмөлдөө жана │ │
│ │финансылоо үчүн │январы │жөнгө салуу кызматы │ │
│ │каражаттарды инвестициялоо│ │ │ │
│ │жөнүндө" Кыргыз │ │ │ │
│ │Республикасынын Мыйзамынын│ │ │ │
│ │долбоорун иштеп чыгуу │ │ │ │
├──┼──────────────────────────┼───────────┼────────────────────┼──────┤
│5 │"Топтоо пенсиялык фонддору│2008-жылдын│Финансылык рынокту │ │
│ │жөнүндө" Кыргыз │ноябры - │көзөмөлдөө жана │ │
│ │Республикасынын Мыйзамынын│2009-жылдын│жөнгө салуу кызматы │ │
│ │долбоорун иштеп чыгуу │январы │ │ │
├──┼──────────────────────────┼───────────┼────────────────────┼──────┤
│6 │Төмөнкүлөрдү иштеп чыгуу │ │ │ │
│ │жана Кыргыз │ │ │ │
│ │Республикасынын Өкмөтүнүн │ │ │ │
│ │бекитүүсүнө киргизүү: │ │ │ │
│ │- депозитарийдин │2009-жылдын│Финансылык рынокту │ │
│ │кызматтарын көрсөтүү │июлу-2012- │көзөмөлдөө жана │ │
│ │жөнүндө келишимди жана │жылдын │жөнгө салуу кызматы,│ │
│ │пенсиялык активдердин │ октябры │Кыргыз │ │
│ │каражаттарын ишенимдүү │ │Республикасынын │ │
│ │башкаруу келишимдерин │ │Өкмөтүнө караштуу │ │
│ │түзүүгө конкурсту уюштуруу│ │Сатып алуулар жана │ │
│ │жана өткөрүү тартибин; │ │материалдык │ │
│ │ │ │резервдер боюнча │ │
│ │ │ │мамлекеттик агенттик│ │
│ │- башкаруучу компанияларга│2009-жылдын│Финансылык рынокту │ │
│ │адистешкен депозитарийдин │июлу-2012-ж│көзөмөлдөө жана │ │
│ │кызматтарын көрсөтүү │ октябры │жөнгө салуу кызматы │ │
│ │жөнүндө типтүү келишимди; │ │ │ │
│ │ адистешкен депозитарийге │2009-жылдын│Финансылык рынокту │ │
│ │талаптарды; │июлу-2012-ж│көзөмөлдөө жана │ │
│ │ │октябры │жөнгө салуу кызматы │ │
│ │-инвестициялык портфелдин │2009-жылдын│Финансылык рынокту │ │
│ │түзүмүнө талаптарды; │июлу-2012-ж│көзөмөлдөө жана │ │
│ │ │октябры │жөнгө салуу кызматы │ │
│ │ │ │Социалдык фонд │ │
│ │- пенсиялык топтоо │2009-жылдын│Финансылык рынокту │ │
│ │каражаттарын │июлу-2012-ж│көзөмөлдөө жана │ │
│ │инвестициялоонун │октябры │жөнгө салуу кызматы,│ │
│ │эрежелерин │ │Улуттук банк, │ │
│ │ │ │Социалдык фонд │ │
│ │-пенсиялык топтоолордун │2009-жылдын│Финансылык рынокту │ │
│ │каражаттары менен │июлу-2012-ж│көзөмөлдөө жана │ │
│ │операцияларды жүзөгө │октябры │жөнгө салуу кызматы │ │
│ │ашырган брокерлерге │ │ │ │
│ │талаптарды │ │ │ │
├──┴──────────────────────────┴───────────┴────────────────────┴──────┤
КР Президентинин 2009-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 310 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту
├──┬──────────────────────────┬───────────┬────────────────────┬──────┤
│8 │Пенсиялык топтоолордун │2009-жылдын│Кыргыз │ │
│ │каражаттарын түзүү жана │октябры │Республикасынын │ │
│ │инвестициялоо чөйрөсүндө │ │Өкмөтү, │ │
│ │жөнгө салуу, контролдоо │ │Финансылык рынокту │ │
│ │жана көзөмөлдөө боюнча │ │көзөмөлдөө жана │ │
│ │ыйгарым укуктуу органды │ │жөнгө салуу кызматы,│ │
│ │аныктоо │ │Улуттук банк, │ │
│ │ │ │Социалдык фонд │ │
├──┼──────────────────────────┼───────────┼────────────────────┼──────┤
│9 │Пенсиянын топтоо бөлүгүн │2009-жылдын│Социалдык фонд │ │
│ │финансылоого жумшалуучу │апрель- │ │ │
│ │акча каражаттарын эсепке │декабры │ │ │
│ │алуу үчүн жеке │ │ │ │
│ │камсыздандыруу │ │ │ │
│ │эсептеринин атайын бөлүгүн│ │ │ │
│ │киргизүү │ │ │ │
├──┼──────────────────────────┼───────────┼────────────────────┼──────┤
│10│Пенсиянын топтоо бөлүгүн │2009-жылдын│Социалдык фонд │ │
│ │киргизүүгө байланыштуу │апрель- │ │ │
│ │төмөнкүлөрдү эсепке алууну│декабры │ │ │
│ │өркүндөтүү: │ │ │ │
│ │- камсыздандыруу │ │ │ │
│ │взносторун; │ │ │ │
│ │- инвестициялык кирешени │ │ │ │
├──┼──────────────────────────┼───────────┼────────────────────┼──────┤
│11│Топтоо системасын │дайыма │Эмгек жана социалдык│ │
│ │киргизүүнүн маңызы жөнүндө│ │өнүгүү министрлиги, │ │
│ │жалпыга маалымдоо │ │Социалдык фонд │ │
│ │каражаттары аркылуу │ │ │ │
│ │маалыматтык ишти жүргүзүү │ │ │ │
└──┴──────────────────────────┴───────────┴────────────────────┴──────┘