Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 8-декабры ПЖ № 300
"Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 15-январындагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
КР Президентинин
2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
"КG" улуттук домен аталышын башкаруу боюнча функцияларды өркүндөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. (КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2. "Улуттук домендик аталыштар системасынын иштешин уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги № 192 Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына караштуу "КG" домендик аймагын башкаруу борбору" мамлекеттик мекемесин мыйзамда белгиленген тартипте жойсун;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |