Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 18-январы ПЖ №2
Кыргыз Республикасынын судьяларын дайындоо жөнүндө
2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүнүн үчүнчү абзацына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы № 107 Декретине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык дайындалган мөөнөткө чейин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп дайындалсын:
- Багышева Айгүл Эмилевна;
- Бейшеева Зарема Асаналиевна;
- Горшковская Ирина Вадимовна;
- Калыбекова Жыпаркүл Калыбековна;
- Камчыбеков Шералы Равшанбекович;
- Сыдыков Космосбек Аскарбекович.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |