Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 18-январы ПЖ №3
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын жиберүү жөнүндө
2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүнүн үчүнчү абзацына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июлундагы №107 Декретине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр жиберилсин:
Маматов Атамбек Омарович | - мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жерги ликтүү сотунун судьясы; |
Шералиев Мырзабек Асанканович
| - Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы. |
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |