Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 20-январы ПЖ №13
2009-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкерлердин окутуудан өтүшү жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 9-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесинин экинчи бөлүгүн жетекчиликке алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын сот системасынын кадрдык дараметин натыйжалуу күчөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
I. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы №577 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкерлердин окутуудан өтүшү жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" Жарлыгына төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
преамбулада "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 47-беренесин жетекчиликке алып" деген сөздөр алып салынсын;
3-пунктта "Аппаратынын юридикалык кызматына" деген сөздөр "Аппаратынын сот органдары менен эриш-аркак аракеттенүү боюнча бөлүмүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкерлердин окутуудан өтүшү жөнүндө Жободо:
преамбулада "жүзөгө ашыруу максатында" деген сөздөрдөн мурда "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесин" деген сөздөр менен толукталсын;
3-пунктта "гана эмес" деген сөздөр "бар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"6. Кирүү сынагы квалификациялык комиссия тарабынан өткөрүлөт.";
7 пункттун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп эсептелсин;
8-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"8. Кабыл алуу үчүн адамдардын тизмеси квалификациялык комиссия тарабынан кирүү сынактарынын жыйынтыктары боюнча аныкталат жана аларды кабыл алуу үчүн Судьялар борборунун директорунун буйругу чыгарылат.";
12-пунктта "күндүз жана сырттан окуу формасында" деген сөздөр "күндүз окутуу формасында" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
13-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"13. Угуучуларды окутуу мөөнөтү беш айды түзөт, алардын 3,5 айы теориялык жана практикалык сабактарга, 1,5 айы стажировкага бөлүнөт.";
VIII бөлүм төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"VIII. Квалификациялык (бүтүрүү) сынагы
18. Угуучулар окутуунун натыйжалары боюнча квалификациялык (бүтүрүү) сынагын тапшырат. Квалификациялык сынакты квалификациялык комиссия кабыл алат. Квалификациялык сынактан өтпөй калган угуучулар эки календардык жылдан эрте эмес кайрадан окутуудан өтүүгө талапкер болууга акысы бар.";
Төмөнкү мазмундагы X бөлүм менен толукталсын:
"X. Квалификациялык комиссия
20. Квалификациялык комиссия 7 адамдан түзүлөт, алардын курамына Судьялар кеңешинин үч мүчөсү жана Кыргыз Республикасынын төрт судьясы кирет. Квалификациялык комиссиянын курамы Судьялар кеңеши тарабынан түзүлөт жана бекитилет. Квалификациялык (бүтүрүү) сынакты өткөрүү тартиби Судьялар борбору тарабынан иштелип чыгат, Судьялар кеңеши тарабынан бекитилет.".
2. Жогорку Сот жана Кыргыз Республикасынын Судьялар Кеңеши уюштуруу, финансы жана ушул окутууга байланыштуу башка маселелерди чечип, жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлерди этап-этабы менен окутууну уюштурсун жана 2011-жылдын март айынан тартып баштасын.
3. Ушул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын сот органдары менен эриш-аркак аракеттенүү боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
КР Президентинин 2011-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 256 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 20-январы ПЖ №13
2009-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкерлердин окутуудан өтүшү жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 9-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесинин экинчи бөлүгүн жетекчиликке алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын сот системасынын кадрдык дараметин натыйжалуу күчөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
I. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы № 577 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкерлердин окутуудан өтүшү жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" Жарлыгына төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: