Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 21-февралы ПЖ №40
Апрель элдик революциясынын бир жылдыгын белгилөө жөнүндө
Кыргыз элинин гүлдөп-өнүгүшү жана эркиндиги үчүн кан төгүлгөн адам өмүрү менен жетишилген Апрель элдик революциясынын жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү максатында, ошондой эле анын өлкө үчүн тарыхый зор маанисин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Апрель элдик революциясынын жылдыгы менен байланышкан иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Уюштуруу комитети эки жумалык мөөнөттө жогоруда аталган иш-чараларды өткөрүү планын иштеп чыксын жана бекитсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Апрель элдик революциясынын жылдыгына даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча финансылык жана башка маселелерди чечүү сунуш кылынсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы № 40 Жарлыгына тиркеме
|
Апрель элдик революциясынын бир жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралары
боюнча уюштуруу комитетинин
КУРАМЫ
Каптагаев Э.С. - Кыргыз Республикасынын Президентинин
Аппаратынын Жетекчиси, уюштуруу
комитетинин төрагасы;
Жунусов И.К. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри,
уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.
Комитеттин мүчөлөрү:
Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын
Президентинин кеңешчиси;
Досбаев Ы.Р. - Кыргыз Республикасынын Президентинин
Аппаратынын стратегиялык анализ жана
өнүгүүнүн мониторинги бөлүгүнүн
эксперт-консультанты;
Исаков М.А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин
Аппаратынын стратегиялык анализ жана
өнүгүүнүн мониторинги бөлүгүнүн
эксперт-консультанты;
Мамбетжанов М.Т. - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Садыков К.Ж. - Кыргыз Республикасынын билим берүү
жана илим министри;
Рыскулова А.М. - Кыргыз Республикасынын калкты
социалдык коргоо боюнча министри;
Алымкулов А.Т. - Кыргыз Республикасынын жаштар
иштери боюнча министри;
Шакиев Н.Т. - Кыргыз Республикасынын маданият
жана маалымат министри;
Өмүркулов И.Ш. - Бишкек шаарынын мэри;
Мырзакматов М.Ж. - Ош шаарынын мэри;
Асанов Б.Ж. - Жалал-Абад областынын мамлекеттик
администрациясынын башчысы - губернатору;
Жээнбеков С.Ш. - Ош областтык мамлекеттик администрациясынын
башчысы - губернатору;
Бурканов А.О. - Баткен областтык мамлекеттик администрациясы-
нын башчысы - губернаторунун милдетин аткаруучу;
Абдылдаев Н.Т. - Ысык-Көл областтык мамлекеттик
администрациясынын башчысы – губернаторунун
милдетин аткаруучу;
Муратбеков К.К. - Нарын областтык мамлекеттик
администрациясынын башчысы – губернаторунун
милдетин аткаруучу;
Курманалиева К.А. - Талас областтык мамлекеттик
администрациясынын башчысы - губернатору;
Азыранкулов А.Ж. - Чүй областтык мамлекеттик администрациясынын
башчысы - губернаторунун милдетин аткаруучу;
Момбеков Р. - Кыргыз Республикасынын Президентине
Караштуу мамлекеттик тил боюнча
Улуттук комиссиянын төрагасы;
Орунбеков Б. - "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору;
Осмонов М. - "Эркин Тоо" гезитинин башкы редактору;
Слащева Т.М. - "Слово Кыргызстана" гезитинин башкы редактору;
Оторбаев К.Т. - Коомдук телерадио компаниясынын башкы директору;
Абдырахман уулу Ш. - "ЭлТР" коомдук телерадио компаниясынын
башкы директору;
Адыбаев К.Ж. - "Айкөл-Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин
төрагасы (макулдашуу боюнча);
Жамансариев О. - "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин
төрагасы (макулдашуу боюнча);
Иманалиев К.К. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
депутаты (макулдашуу боюнча);
Исаков И.И. - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
депутаты (макулдашуу боюнча);
Шер Болот - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
депутаты (макулдашуу боюнча);
Сариев Т.А. - "Ак-Шумкар" саясий партиясынын төрагасы
(макулдашуу боюнча);
Жекшенкулов А.Ж. - "Акыйкат" саясий партиясынын төрагасы
(макулдашуу боюнча);
Өмүракунов М.С. - "Замандаш" саясий партиясынын төрагасы
(макулдашуу боюнча);
Асанакунов М.А. - Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын
мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Тургуналиев Т.Т. - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Чотонов Д. - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Бекназаров А.А. - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Керексизов Т. - коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);
Актан Арым Кубат - "Республика" саясий партиясынын мүчөсү
(макулдашуу боюнча);
Мусабекова Ж - "Айат пресс" гезитинин редактору;
Бекташев Э. - Кыргыз Республикасынын архитекторлор союзунун
төрагасы (макулдашуу боюнча);
Алымбаев А. - Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун
төрагасы (макулдашуу боюнча);
Сагынаев Т.Ш. - "Апрель баатырлары" коомдук бирикмесинин
төрагасы (макулдашуу боюнча);
Давлетбаев Т.М. - "Апрель элим Кыргызстан" коомдук бирикмесинин
төрагасы (макулдашуу боюнча).