Загрузка документа…
КР Президентинин
2015-жылдын 16-июнундагы ПЖ N 121 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 5-марты ПЖ № 56
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 29-сентябрындагы "Мамлекеттик башкаруу органдарынын жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу
Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук байкоочу кеңештердин ишинин маселелерин жөнгө салуу, ошондой эле коомчулуктун таламдарын эске алуу менен башкаруу чечимдерин кабыл алууга даярдоо жана аларды жүзөгө ашыруу жол-жоболорунун ачыктыгын камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 29-сентябрындагы № 212 "Мамлекеттик башкаруу органдарынын жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1) бүткүл текст боюнча "Президенттин Администрациясы" жана "Типтүү жобо" деген ар түрдүү жөндөмөдөгү сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Президенттин Аппараты" жана "Жобо" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 5-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"5. Мамлекеттик органдардын алдындагы Кеңештердин курамы жарандык коомдун, илимий чөйрөнүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык бирликтердин, эксперттик коомчулуктун сунуш кылынган өкүлдөрүнүн ичинен Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты тарабынан түзүлгөн коомдук байкоочу кеңештердин курамына талапкерлерди тандоо боюнча Комиссия тарабынан түзүлө тургандыгы белгиленсин.";
3) 8-пунктта:
- экинчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- 2011-жылдын 1-июлуна чейин:";
- жетинчи жана сегизинчи абзацтар күчүн жоготту деп табылсын;
4) төмөнкү мазмундагы 8-1-пункт менен толукталсын:
"8-1. Мамлекеттик органдардын алдындагы Кеңештер өткөн жыл үчүн иштин натыйжалары жөнүндө өз отчетторун жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бере тургандыгы белгиленсин, алар мамлекеттин жарандык коом менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча Улуттук докладга киргизилет.
Мамлекеттин жарандык коом менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча Улуттук докладдын бетачары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын көмөк көрсөтүүсү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты өткөргөн конференцияда болот.;
5) 10-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"10. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги ушул Жарлыкка ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын алдында коомдук байкоочу кеңештерди түзсүн.":
6) Жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук байкоочу кеңештер жөнүндө Типтүү жобо ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |
Тиркеме
Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук байкоочу кеңештер жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Коомдук байкоочу кеңеш (мындан ары - Кеңеш) жарандардын аткаруу бийлигинин алдында түзүлгөн органдын ишине коомдук контролдук кылууга катыштыруу, аталган органдардын коомчулук менен өз ара натыйжалуу аракеттенүүсүн жөнгө салуу, мамлекеттик саясатты калыптандырууда жана жүзөгө ашырууда коомдук пикирди эске алуу максатында түзүлгөн консультациялык-байкоочу орган болуп саналат.
2. Кеңеш анын ишине жарандардын жана Кыргыз Республикасынын жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрүнүн ыктыярдуу катышуусунун негизинде түзүлөт.
3. Кеңеш өз ишин коомдук башталышта жүргүзгөн туруктуу иштөөчү коомдук орган болуп саналат.
4. Кеңештин иши бардык маселелерди эркин талкуулоонун жана чечимдерди жамааттык кабыл алуунун негизинде жүргүзүлөт.
5. Кеңештин чечими сунуш мүнөзүндө болот.
6. Кеңеш өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын, ошондой эле ушул Жобонун негизинде жүргүзөт.
2. Кеңештин негизги милдеттери жана функциялары
7. Кеңештин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) аткаруу бийлик органдын ишине коомдук контролдук кылуу;
2) аткаруу бийлик органдарынын мамлекеттик саясатты калыптандырууда жана жүзөгө ашырууда коомдук пикирди эске алышына көмөк көрсөтүү;
3) тармактык өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик органдын иши менен байланышкан коомдук демилгелерди көтөрүү жана талкуулоо;
4) коомдук мааниси бар, анын ичинде стратегиялык мүнөздөгү чечимдерди сапаттуу даярдоодо мамлекеттик органга көмөк көрсөтүү;
5) мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынган башкаруу чечимдерин натыйжалуу жүзөгө ашырууга коомдук мониторинг жүргүзүү жана контролдук кылуу;
6) тийиштүү мамлекеттик органдар көрсөткөн кызматтардын натыйжалуулугуна баа берүү;
7) финансы каражаттарынын, анын ичинде бюджеттик жана насыя (ссуда, кредит) каражаттарын, ошондой эле атайын эсептердин, донорлор бөлгөн техникалык жардамдардын жана гранттарды пайдалануунун ачыктыгына жана натыйжалуулугуна коомдук контролдук кылуу.
8. Милдеттерди чечүү үчүн Кеңеш төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) коомдук таламдарды эске алууну камсыз кылуу, кабыл алынган чечимдердин ачыктыгын жана сапатын жогорулатуу максатында башкаруу чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгууга жана коомдук экспертизалоого катышат;
2) коомдук пикирди иликтөөнүн негизинде пландаштырылган же кабыл алынган чечимдерди өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана аларды мамлекеттик органдын кароосуна киргизет;
3) мамлекеттик органдын ишине байланышкан жарандык демилгелерди карайт;
4) пландаштырылган жана коомдук мааниси бар чечимдерди коомчулук менен кеңири талкуулоону уюштурууга жана өткөрүүгө катышат;
5) мамлекеттик орган жүзөгө ашырып жаткан жарандык коом менен кызматташуунун технологиялары менен формаларынын натыйжалуулугуна талдоо жасайт жана аларды өркүндөтүү боюнча өз сунуштарын киргизет;
6) мамлекеттик органдардын иши жөнүндө коомчулукка маалымдоого көмөк көрсөтөт;
7) мамлекеттик органдын бюджеттик жана башка каражаттарды пайдалануусунун ачыктыгын жогорулатууга коомдук контролдукту камсыз кылат;
8) мамлекеттик органдар тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына мониторинг жүргүзөт жана баа берет;
9) мамлекеттик органдын ишмердигине байланышкан кыйла маанилүү маселелер боюнча коомдук пикирди иликтейт жана жалпылайт;
10) тийиштүү чөйрөдө мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана жүзөгө ашыруу, мамлекеттик органдын ишин өркүндөтүү маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо боюнча кароо үчүн милдеттүү болгон сунуштарды мамлекеттик органга берет;
11) өз ишмердиги, кабыл алынган чечимдер жана аларды аткаруу жөнүндө мамлекеттик органдын веб-сайтында же башка алгылыктуу ыкма менен милдеттүү тартипте коомчулукка маалымдайт;
12) коомдук зор мааниси бар маселелерди чечүү боюнча жарандык коомдун уюмдарынын сунуштары жөнүндө маалыматты чогултат, жалпылайт жана мамлекеттик органга сунуш кылат;
13) тармакты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн ачык иш-чараларды уюштурат;
14) өз иши жөнүндө ар жылдык отчетту даярдайт жана жарыялайт;
15) ушул Жободо каралган милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон башка функцияларды жүргүзөт.
3. Кеңештин укуктары
9. Кеңеш ага жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) туруктуу жана убактылуу жумушчу органдарды түзүүгө;
2) өз ишине аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин, ата-мекендик жана эл аралык эксперттик жана илимий уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой эле айрым адистерди тартууга;
3) семинарларды, конференцияларды, коомдук угууларды жана башка иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
4) өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан зарыл маалыматтарды суратууга жана алууга;
5) мамлекеттик органдардан коомчулук менен консультацияларды өткөрүүнү талап кылган маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун алууга;
6) тийиштүү мамлекеттик органдын компетенциясына кирген маселелер боюнча эксперттер, адистер же таламдаш коомдук уюмдар менен консультацияларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
7) Кеңештин жыйналышынын күн тартибин талкуулоо үчүн тийиштүү мамлекеттик органдын жетекчилигин жана кызматкерлерин чакырууга;
8) Кеңеш жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды берүүгө;
9) тийиштүү мамлекеттик орган тарабынан Кеңештин сунуштары негизсиз четке кагылган учурда коомчулукту жана жогору турган инстанцияларга маалымдоого;
10) мамлекеттик органга жарандык коом менен өз ара аракеттенүүгө көмөк көрсөтүүгө;
11) Кеңештин ишин камсыз кылуу үчүн донордук жана башка демөөрчүлүк каражаттарын тартууга.
10. Мамлекеттик органдын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча Кеңештин мүчөлөрү коллегиялардын пландаштырылган жыйналыштарына жана мамлекеттик орган өткөргөн башка иш-чараларга катышууга укуктуу.
4. Кеңешти түзүүнүн тартиби
11. Кеңештин курамына жарандык коомдун уюмдарынын (коомдук бирикмелердин, фонддордун, мамлекеттик эмес мекемелердин, юридикалык жактардын жана башкалардын), илимий чөйрөнүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык бирликтердин, мамлекеттик органдын ишмердигине тиешеси бар эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү кирет.
12. Кеңештин курамын түзүү жарандык коомдун, илимий чөйрөнүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык бирликтердин, эксперттик коомчулуктун сунуш кылынган өкүлдөрүнүн ичинен Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты тарабынан түзүлгөн коомдук байкоочу кеңештердин курамына талапкерлерди тандоо боюнча Комиссия (мындан ары - Комиссия) тарабынан жүргүзүлөт.
13. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын алдында Кеңештин курамын түзүү жарандык коомдун, илимий чөйрөнүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык бирликтердин, эксперттик коомчулуктун сунуш кылынган өкүлдөрүнүн ичинен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу Улуттук агенттиги тарабынан жүргүзүлөт.
14. Кеңештин сандык курамы мамлекеттик органдын ишмердигинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен аныкталат жана Кеңештин кеминде он бир мүчөсүн камтыйт.
Кеңештин сандык курамы зарылчылыгына жараша Комиссия тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн. Бир эле адам бир нече мамлекеттик органдын Кеңешинин мүчөсү болуп шайлана албайт.
15. Кеңештин курамы 2 жылдык мөөнөткө шайланат.
16. Бир эле адам катары менен эки жылдан ашык мөөнөткө Кеңештин мүчөсү болуп шайлана албайт.
17. Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде бир ай калганда Комиссия жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу мөөнөтүн, дарегин (почта жана электрондук почтасын), ошондой эле арыздарды жана сунуштарды берүү тартибин көрсөтүү менен Кеңештин жаңы курамын түзүү жөнүндө жарыялайт.
18. Кеңеш боюнча сунуштар Комиссияга жиберилет.
19. Кеңештин жаңыланган курамын түзүү анын мурдагы курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин жети жумушчу күндөн кечиктирбестен Комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.
Кеңештин жаңыдан шайланган мүчөлөрү Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарына Кеңештин мурдагы курамынын ыйгарым укуктары аяктаган күндөн баштап ээ болот.
20. Кеңештин мүчөлүгүнө талапкер төмөнкүдөй критерийлерге ылайык келүүгө тийиш:
1) Кеңеш түзүлгөн ошол мамлекеттик органдын жетекчиси (жетекчи жана анын орун басарлары) менен туугандык мамиледе турбоого;
2) Кеңеш түзүлгөн ошол мамлекеттик органга түздөн-түз көз карандылыкта (лицензия алуучу, келишимдин негизинде товар жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчү) болбоого;
3) кынтыксыз ишкердик кадыр-баркка ээ болууга.
Талапкердин жарандык демилгелеринин тажрыйбасы, жигердүү коомдук иши артыкчылыктуу болуп саналат.
21. Бир уюмдан Кеңешке бир гана өкүл мүчө боло алат.
22. Кеңештин мүчөсү Кеңештин төрагасына жазуу жүзүндөгү тиешелүү арызды берүү жолу менен өз ыктыяры боюнча Кеңештин курамынан чыга алат.
23. Кеңештин мүчөсү Кеңештин чечими менен мөөнөтүнөн мурда төмөнкү негиздер боюнча Кеңештин курамынан чыгарылышы мүмкүн:
1) жүйөөлүү себептерсиз үч же андан көп жолу Кеңештин жыйналыштарына катышпаса (же электрондук почта боюнча добуш берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечимди Кеңеш кабыл алган учурда электрондук почта боюнча добуш берүүгө катышпаса);
2) Кеңештин мүчөсү ден-соолугунун абалы, сот тартибинде Кеңештин мүчөсү ишке жарамсыз же ишке жарамдуулугу чектелүү деп таанылгандыгы боюнча, Кеңештин ишине катышууга мүмкүнчүлүгү жок болсо;
3) ушул Жобонун 20-пунктунда каралган адамга Кеңештин мүчөсү болууга мүмкүнчүлүк болбогон себептер жөнүндө фактылар белгилүү болсо.
24. Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганда анын ордун алмаштыруу Комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат.
25. Кеңеш курамы түзүлгөндөн кийин Комиссия жаңы мүчөлөрдүн жеке маалыматтарын (аты-жөнүн, иштеген жерин, ишинин түрүн) көрсөтүү менен жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукту бул тууралу маалымдайт.
26. Кеңеш анын төрагасынын, Кеңештин төрагасынын орун басарларынын, Кеңештин жооптуу катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
27. Кеңештин төрагасы, анын орун басарлары жана жооптуу катчысы Кеңештин уюштуруу жыйналыштарында ачык добуш берүү менен шайланат, биринчи жыйналышты Кеңештин жашы боюнча улуу мүчөсү ачат.
28. Кеңештин ишин жетектөөнү төрага, төрага жокто анын орун басарларынын бири жүзөгө ашырат.
29. Кеңештин төрагасы:
1) Кеңештин ишин уюштурат;
2) Кеңештин жыйналыштарына төрагалык кылат;
3) Кеңештин иш планын жана жумушчу топтордун курамын бекитет;
4) Кеңештин жыйналыштарынын протоколдоруна жана башка документтерине кол коет;
5) Кеңештин чечимдерин жүзөгө ашыруу боюнча ишмердүүлүктү жүзөгө ашырат;
6) мамлекеттик жана коомдук уюмдарда, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдарда Кеңештин атынан өкүлчүлүк кылат.
30. Төраганын орун басарлары:
1) төрага жок болгон убакта Кеңештин төрагасынын тиешелүү чечиминин негизинде анын милдеттерин аткарат;
2) бекитилген иш планына ылайык комиссиялардын жана жумушчу топтордун ишине кураторлук кылат;
3) Кеңештин же төраганын тапшырмаларына ылайык башка функцияларды аткарат.
31. Кеңештин жооптуу катчысы:
1) Кеңештин мүчөлөрүнүн жана мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
2) Кеңештин кезектеги жыйналышын даярдоого, ошондой эле Кеңештин чечимдерин аткаруу мөөнөттөрүнө контролдук кылат;
3) Кеңештин ишин уюштуруу, маалыматтык жана коммуникациялык көмөк көрсөтүү жактан камсыз кылат;
4) Кеңештин иш кагаздарын уюштурууга жана жүргүзүүгө жооп берет;
5) Кеңештин, төраганын же анын орун басарларынын тапшырмаларына ылайык башка функцияларды аткарат.
5. Кеңештин ишин уюштуруу
32. Кеңештин ишинин негизги формасы жыйналыштар болуп эсептелет. Кеңештин жыйналыштары, эгерде аларга анын мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса, ыйгарым укуктуу болуп саналат.
Кеңештин жыйналыштарынын өткөрүлүшүнүн мезгилдүүлүгү Кеңештин бекитилген иш-чаралар планына ылайык Кеңеш тарабынан бекитилет.
Кеңештин мүчөсү Кеңештин кезектен тышкары жыйналышын чакыруу жөнүндө сунушту Кеңештин кароосуна киргизүүгө укугу бар.
33. Кеңеш өз ишин Кеңеш тарабынан кабыл алынган, Кеңештин төрагасы бекиткен жана мамлекеттик орган менен макулдашылган бир жылга иш-чаралар планына ылайык жүзөгө ашырат.
34. Кеңештин мүчөлөрү анын жыйналыштарына алмаштыруу укугусуз жеке өздөрү катышат. Кеңештин мүчөсү Кеңештин жыйналыштарына келүүгө мүмкүн болбогон учурда, күн тартибине киргизилген маселе боюнча өз ой-пикирин жазуу жүзүндө жөнөтүүгө укугу бар. Көрсөтүлгөн ой-пикир Кеңештин жыйналыштарында каралууга жатат жана добуш берүүдө эске алынат.
35. Зарыл учурларда Кеңештин төрагасынын чечими боюнча Кеңештин жыйналыштарына мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик органдарынын, башка мамлекеттик органдардын, илимий, кесиптик бирлик жана башка уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн.
36. Кеңештин жыйналыштары ачык өткөрүлөт, аларга жарандар, өкмөттүк эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катыша алат. Кеңештин жыйналыштарына мамлекеттик органдын ишине байланыштуу чөйрөдө же жыйналыштарга коюлган маселелер боюнча адистешкен эксперттер, илимий жана башка консультанттар да чакырылышы мүмкүн.
37. Жыйналышта каралып жаткан маселелерге кызыкчылыктары бар мамлекеттик органдардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү Кеңештин жыйналыштарына катыша алат.
38. Алдыда боло турган жыйналышта Кеңеш тарабынан карала турган маселелер компетенциясына кирген мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси жыйналышка керектүү материалдарды жыйналышка чейин жети жумушчу күндөн кечиктирбестен Кеңешке сунуштайт.
39. Кеңештин жыйналыштарында Кеңештин ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Кеңештин чечимдери жыйналышка катышкан мүчөлөрдүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, ал төрага жана Кеңештин мүчөлөрү кол кое турган протокол менен таризденет. Добуштар тең болгон учурда, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп эсептелет. Чечимдерди кароонун жана кабыл алуунун жүрүшүндө Кеңештин мүчөлөрү тарабынан айтылган өзгөчө ой-пикирлер сөзсүз түрдө протоколго киргизилет.
40. Кеңеш өз ишин коомчулук менен өз ара тыгыз аракетте жүзөгө ашырат, мамлекеттик органдын иш-аракетинин чөйрөсүнө тийиштүү маселелер боюнча сунуштарды карайт.
41. Кеңештин чечимдери сунуш мүнөздө болот, ошол эле учурда мамлекеттик орган Кеңештин чечими менен макул болбосо, он жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндөгү негизделген жооп берүүгө милдеттүү.
42. Кеңештин ишинин жыйынтыктары үзгүлтүксүз чагылдырылат жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка жеткирилет.
43. Курамы Кеңеш тарабынан түзүлгөн Катчылык Кеңештин техникалык жактан ишин камсыз кылган жумушчу орган болуп эсептелет.
44. Кеңештин ишин уюштуруу жактан камсыз кылуу жана материалдык-техникалык коштоо (залды даярдоо, талкууланып жаткан маселелер боюнча аныктама-маалыматтык материалдарды көрсөтүү үчүн аны зарыл техникалык каражаттар менен жабдуу, жыйналыштарга материалдарды көбөйтүү ж.б.) мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча аныкталган тиешелүү түзүмдүк бөлүм тарабынан жүзөгө ашырылат.
6. Мамлекеттик органдын Кеңеш
менен өз ара аракеттенүүсү
45. Мамлекеттик органдын жетекчиси Кеңеш менен мамилелерде мамлекеттик органдын атынан иш алып барган жана мамлекеттик органдын Кеңеш менен өз ара аракеттенүүсүн туруктуу негизде камсыз кыла турган статс-катчыны, ал эми мындай кызмат орундары жок мамлекеттик органдарда өзүнүн орун басарларынын бирин (мындан ары - мамлекеттик органдын өкүлү) аныктайт.
46. Мамлекеттик органдын өкүлү кеңеш берүү добуш укугу менен милдеттүү түрдө Кеңештин жыйналыштарына катышат.
47. Мамлекеттик органдын жетекчиси Кеңештин күн тартибине киргизүү үчүн маселелерди Кеңештин кароосуна сунуштоого укуктуу.
48. Кеңештин жыйналышынын күн тартиби жыйналышка чейин беш күндөн кечиктирбестен мамлекеттик органдын жетекчисине милдеттүү тартипте жөнөтүлөт.
49. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кеңештин суроо-талаптары боюнча мамлекеттик же башка мыйзам менен корголгон сырларды түзгөн маалыматтарды кошпогондо өз ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн ага зарыл болгон маалыматтарды берет.
50. Кеңештин суроо-талабы жөнөтүлгөн кызмат адамы суроо-талап алган күндөн тартып он календардык күндөн кечиктирбестен, Кеңеш тарабынан аныкталган өзгөчө учурларда, жети календардык күндөн кечиктирбестен жазуу жүзүндөгү жооп берүүгө милдеттүү. Жоопко суроо-талап жөнөтүлгөн кызмат адамы, же анын милдеттерин аткаруучу адам кол коюшу керек.
7. Корутунду жоболор
51. Кеңеш ал караштуу болгон мамлекеттик органдын иши токтотулган күндөн тартып өз ишин токтотот.
52. Мамлекеттик орган түзүлгөндөн кийин эки айдан кечиктирбестен ушул Жобого ылайык ага караштуу Кеңеш түзүлөт.