ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2011-жылдын 3-июнундагы ПЖ № 133 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» жарлыгы

Редакция03.06.2011 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2011-жылдын 3-июну ПЖ № 133

Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө

Мурда кабыл алынган чечимдерди колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келтирүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 11-апрелиндеги № 131 "Экономикалык кылмыштын түрлөрүнө каршы күрөштү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын функцияларын жана ыйгарым укуктарын иретке келтирүү жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 11-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын финансылык полиция мамлекеттик кызматы жөнүндө" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 15-февралындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын финансылык полиция мамлекеттик кызматынын ишине тиешелүү Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралу" Жарлыгынын 2-пункту.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

Р. Отунбаева