Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 22-июлу ПЖ № 176
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерин колдоо фондунун Байкоочулар кеңешинин курамы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 1-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерин колдоо фонду жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерин колдоо фондунун Байкоочулар кеңешинин Жобосуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМЫН:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерди колдоо фондунун Байкоочулар кеңеши төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Болотбаев Асылбек Аскарбекович - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары, Байкоочулар кеңешинин төрагасы.
Байкоочулар кенешинин мүчөлөрү:
Байназаров Сабырбек Нуркулович - Кыргыз Республикасынын Президентинин-Аппаратынын Жетекчисинин орун басары;
Молдалиев Орозбек Абдысаламович - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын стратегиялык талдоо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы;
Шадыбеков Куванычбек Баймуратович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана администрациялык реформалар бөлүмүнүн башчысы;
Акматалиев Алмазбек Акматалиев - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу башкаруу Академиясынын президент-ректору;
Ногойбаева Эльмира Абылбековна - "Полис-Азия" талдоо борборунун жетекчиси (макулдашуу боюнча),
Тюлегенов Медет Темирович - Борбордук Азиядагы Америка университетинин профессорунун ассистенти (макулдашуу боюнча);
Байгөнчөков Мирлан Конушбекович - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Ибрагимов Фархад Курбантаевич - Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 18-октябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерин колдоо фондунун Байкоочулар кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |