Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 1-октябры ПЖ № 222
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматкерлерин колдоо Фонду жөнүндө
(КР Президентинин
2010-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 250, 2012-жылдын 9-июнундагы ПЖ N 119 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)
Кесиптик жогорку даярдыктагы кадрларды мамлекеттик кызматка тартуу жана кармап калуу, мамлекеттик кызматкерлердин кесиптик даярдыктарын жогорулатуу жана окутуу үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле аларды материалдык жактан коргоо максаттарында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматкерлерин колдоо Фонду (мындан ары - Фонд) түзүлсүн.
2. Бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызматкерлерин колдоо Фонду жөнүндө Жобо - 1-тиркемеге ылайык;
- Фонддун Байкоочу кеңеши жөнүндө Жобо - 1-тиркемеге ылайык.
3. Байкоочу кеңештин ишин усулдук, уюштуруучулук жана башка жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына жүктөлсүн.
4. Фонддун каражаттарын пайдалануу Фонддун Байкоочу кеңешинин чечими боюнча жүзөгө ашырылары аныкталсын.
5. (КР Президентинин 2012-жылдын 9-июнундагы ПЖ N 119 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
7. Ушул Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация Жетекчисине жүктөлсүн.
8. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |