Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 26-июлу ПЖ № 177
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы «2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө» Жарлыгына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу
2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуялардын кесепетинен курман болгондордун жана майып болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык колдоо көрсөтүү максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-февралындагы № 39 «2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча Мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышындагы, преамбуласындагы жана 1-пункттагы «2010-жылдын 6-7-апрелинде» деген сөздөрдөн кийин «Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында» деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча Мамлекеттик комиссиянын курамы ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык төмөнкү редакцияда баяндалсын:
3) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген 2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча Мамлекеттик комиссия жөнүндө Жободо:
- аталашында жана бүткүл текст боюнча «2010-жылдын 6-7-апрелинде» деген сөздөрдөн кийин «Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында» деген сөздөр менен толукталсын;
- 9-пункт төмөнкү мазмундагы 4-пунктча менен толукталсын:
«4) мыйзам менен тыюу салынбаган башка булактардын»;
- 10 жана 11-пункттар төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«10. Атайын эсептин каражаттары максаттуу мүнөздө болот жана 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуялардын кесепетинен курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарына социалдык колдоо көрсөтүүгө арналган, анын ичинде:
1) 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуялардын кесепетинен майып болгон адамдарды диспансеризациялоого, дарылоого, протездөөгө жана реабилитациялоого (санаторий-курорттук дарылоо);
2) 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуялардын кесепетинен курман болгондордун жана майып болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн турак жай курууга;
3) 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуялардын кесепетинен курман болгондордун эстелигин түбөлүк калтырууга.
11. Каражаттарды бөлүү жөнүндө чечим арыздарды кароонун натыйжасы боюнча төмөнкү тартипте кабыл алынат:
1) Комиссия тарабынан - 500000 сомго чейинки өлчөмдө;
2) Комиссиянын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) тарабынан - 500000 сомдон жогорку өлчөмдө.»;
- 13-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«13. Комиссия жана/же Өкмөт кабыл алган чечимдер тийиштүү министрликтер менен ведомстволорго жана Борбордук казначылыкка (мындан ары Борбордук казначылык) жиберилет.
Министрликтер менен ведомстволор атайын эсептен чыгымдарды жумшоо үчүн зарыл документтерди даярдайт жана Борбордук казначылыкка жиберет.
Борбордук казначылык министрликтер менен ведомстволор даярдаган документтердин негизинде арыз-катты жана чыгымдарды жумшоо үчүн тийиштүү документтерди банкка жиберет, ошондой эле атайын эсептеги акча каражаттарынын жүрүшүнүн эсебин жүргүзөт жана Комиссияга жана/же Өкмөткө атайын эсептен каражаттарды которуу жөнүндө маалымат берет.»;
- төмөнкү мазмундагы 13-1-пункт менен толукталсын:
«13-1. 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарындагы окуялардын кесепетинен курман болгондордун жана майып болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн турак жай курууга атайын эсептен каражат бөлүү жөнүндө Комиссиянын жана/же Өкмөттүн чечимдерин жүзөгө ашыруу төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
1) турак жай курууга атайын эсептен каражат бөлүү жөнүндө Комиссиянын жана/же Өкмөттүн чечимдери ал кабыл алынгандан кийин 10 жумушчу күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин алдындагы турак жай-жарандык курулуш Департаментине (мындан ары - Департамент) жиберилет;
2) Департамент атайын эсептен каражат бөлүү үчүн тийиштүү документтерди даярдайт жана Борбордук казначылыкка жиберет;
3) Борбордук казначылык Департаменттин арызын карайт жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы атайын эсептен Департаменттин эсебине каражат которуу үчүн банкка арыз-катты жөнөтөт;
4) Департамент буюртмачы катары чыгат жана долбоордук, курулуш уюмдары жана жабдууларды жана курулуш материалдарын берүүчүлөр менен белгиленген тартипте келишим түзөт жана алардын куруу мөөнөттөрүн жана сапатын сакташын камсыз кылат;
5) Департамент Комиссияга каражаттарды пайдалануу жана курулуштун жүрүшү жөнүндө квартал сайын отчет берип турат;
6) Буюртмачылар менен подрядчылардын ортосунда өз ара эсептешүүлөрдүн негиздүүлүгүнө контролдукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги камсыз кылат.»;
- төмөнкү мазмундагы 16-1-пункт менен толукталсын:
«16-1. Комиссиянын ишине жетекчиликти төрага жүргүзөт, ал жыйналыштарда төрагалык кылат жана Комиссия кабыл алган чечимдерди жүзөгө ашырууга жалпы контролдук жүргүзөт. Төрага жок болгон учурда Комиссиянын ишине жетекчиликти анын орун басары жүргүзөт.».
2. Бул жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |
Тиркеме
2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында
Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарына
социалдык колдоону координациялоо боюнча Мамлекеттик комиссиянын
курамы
Э.С.Каптагаев
| - КР Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, Комиссиянын төрагасы;
|
Ы.Р.Досбаев
| - КР Президентинин Аппаратынын стратегиялык тал-доо жана өнүгүүгө мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн эксперт-консультанты, Комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссиянын мүчөлөрү:
А.А.Муратов
| - КР Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыз кылуу, саламаттыкты сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнүн башчысы;
|
К.Ж.Нарбаев
| - КР Өкмөтүнө караштуу архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директору;
|
Д.Ж.Шайдиева
| - КР Финансы министрлигинин статс-катчысы;
|
К.Б.Мукашев
| - КР калкты социалдык жактан коргоо боюнча министринин орун басары;
|
Б.О.Дюшембиев
| - Бишкек шаарынын вице-мэри;
|
Д.З.Сагынбаева
| - КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин уюштуруумедициналык жардам башкармасынын начальниги;
|
М.Бианки
| - КР Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин жардамчысы;
|
К.З.Абдиева
| - «Бириккен энелер» бирикмесинин төрайымы (макулдашуу боюнча);
|
К.Ж.Адыбаев
| - «Айкөл-Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
М.Баткулов
| - «Айкөл-Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
|
Т.Ж.Жузубалиев
| - «Айкөл-Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
|
Н.И.Айдабосунова
| - «Мекен шейиттери» коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
|
Т.А.Сагындыков
| - «Мекен шейиттери» коомдук бирикмесинин мүчөсү (макулдашуу боюнча). |