Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 28-декабрындагы ПЖ №408 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
(КР Президентинин 2011-жылдын 26-июлундагы ПЖ № 177, 2012-жылдын 15-февралындагы ПЖ № 39, 2013-жылдын 8-майындагы ПЖ № 103, 2014-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 39, 2016-жылдын 15-январы ПЖ № 9 ,2017-жылдын 25-январындагы ПЖ № 11, 2017-жылдын 4-июлундагы ПЖ № 126, 2018-жылдын 19-январындагы ПЖ № 6, 2018-жылдын 2-августундагы ПЖ № 162, 2019-жылдын 3-июнундагы ПЖ № 78, 2020-жылдын 28-августундагы ПЖ № 166, 2021-жылдын 23-декабрындагы УП № 576 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)
2011-жылдын 21-февралы ПЖ № 39
2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө
2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
(КР Президентинин 2011-жылдын 26-июлундагы ПЖ № 177, 2013-жылдын 8-майындагы ПЖ № 103 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамы;
- 2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссия жөнүндө Жобо.
(КР Президентинин 2011-жылдын 26-июлундагы ПЖ № 177, 2013-жылдын 8-майындагы ПЖ № 103 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табуу сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-июлундагы № 129 "2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 230 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 13-июлундагы № 129 "2010-жылдын 6-7-апрелинде курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын курамын жана Жобосун бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Президент | Р. Отунбаева |
Тиркеме |
2010-жылдын 6-7-апрелинде Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында, ошондой эле 2010-жылдын 13-14-майында Жалал-Абад шаарында курман болгондордун жана жабыр тарткандардын туугандарын социалдык колдоону координациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Комиссиянын төрагасы;
Комиссиянын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары - Борбордук казыналыктын директору;
"Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин тең төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Эр Теги" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Апрель Баатырлары" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Баатырларга Таазим" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Жаркын Элес" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Айкөл Таза Коом" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Апрель. Элим. Кыргызстан" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Апрель Баатырлар Биримдиги" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча).
(КР Президентинин 2021-жылдын 23-декабрындагы УП № 576 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)