Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 7-сентябры ПЖ № 231
Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо күнүн которуу жөнүндө
(КР Президентинин
2011-жылдын 31-октябрындагы ПЖ № 272 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
Алдыда турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2010-жылдын 7-апрелинде башталган өткөөл мезгилдин аякташын билдирген өлкөдөгү эң башкы саясый окуя болуп санала тургандыгын эске алуу менен жана ага сапаттуу даярдык көрүү жана өткөрүү, өлкөдөгү коомдук-саясый кырдаалдын бузулушуна байланыштуу мүмкүн болуучу тобокелдиктерди жокко чыгаруу, коомдо туруктуулукту сактоо максатында, коомчулуктун, Ош шаарынын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгынын кайрылууларын көңүлгө алуу менен, ошондой эле "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык шайлоочулардын тизмелерин түзүү "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамга ылайык жүргүзүлө тургандыктан жана ал 2011-жылдын 20-сентябрында аяктоого тийиш болгондуктан аталган Мыйзамдын 13-беренесинин шайлоочулардын тизмелерин илүү жана алардын шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендигин кабарлоонун мөөнөттөрү жагындагы талаптарын камсыз кылуу үчүн
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 9-августундагы № 188 "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө" Жарлыгы менен дайындалган Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент, Маргун айылдык кеңештерине, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көкирим, Атай айылдык кеңештерине, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов, Терек, Көнөрчөк, Жерге-Тал айылдык кеңештерине, Жумгал районунун Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Чаек, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңештерине, Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешине, Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешине, Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо аяктагандан кийинки мезгилге которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы:
- Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо күнү боюнча сунуш киргизсин;
- (КР Президентинин 2011-жылдын 31-октябрындагы ПЖ № 272 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- белгиленген тартипте ушул Жарлыктан келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
(КР Президентинин 2011-жылдын 31-октябрындагы ПЖ № 272 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 9-августундагы № 188 "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чуй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |