Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 5-октябрынан ПЖ № 252
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 28-январындагы "2010-жылдын 1-мартынан баштап пенсиянын камсыздандыруу белүгүн көбөйтүү жөнүндө" Жарлыгына өзгертүү киргизүү тууралу
(КР Президентинин 2024-жылдын 28-июнундагы ПЖ № 168 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда кабыл алынган чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык келтирүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 28-январындагы №18 "2010-жылдын 1-мартынан баштап пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
2. (КР Президентинин 2024-жылдын 28-июнундагы ПЖ № 168 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен компенсациялык төлөмдөрдү белгилөөнү караган мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамга тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизүү сунуш кылынсын.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн күчүнө кирет.
Президент Кыргызской Республики |
К.Бакиев |