Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 28-январы №18
2010-жылдын 1-мартынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн көбөйтүү жөнүндө
(КР Президентинин
2011-жылдын 5-октябрындагы ПЖ № 252 Жарлыгынын
редакциясына ылайык)
Республикадагы пенсионерлердин турмуш деңгээлин андан ары колдоону камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Ушул Жарлык колдонууга киргизилгенге чейин "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чектелген пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү 2010-жылдын 1-мартынан тартып төмөнкүдөй шкала боюнча көбөйтүлсүн:
- жалпы өлчөмү 1000 сомдон ашпаган пенсиялар үчүн - 500 сомго;
- жалпы өлчөмү 1001 сомдон 2000 сомду түзгөн пенсиялар үчүн - 350 сомго;
- жалпы өлчөмү 2001 сомдон 4000 сомду түзгөн пенсиялар үчүн - 250 сомго;
- жалпы өлчөмү 4001 сомдон 10000 сомду түзгөн пенсиялар үчүн - 150 сомго;
- жалпы өлчөмү 10000 сомдон ашык пенсиялар үчүн - 100 сомго.
Мында кайра эсептелгенден кийин, ар бир кийинки шкала боюнча пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмү мурунку шкала боюнча пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүнөн төмөн болбошу керек.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн жогорулатылып жаткан пенсиялардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген кошумча акы жана компенсациялык төлөмдөрдү эске албастан аныкталат.
Мында, "Тарифтик саясат өзгөргөндө компенсациялык төлөмдөрдү белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы №
509 Жарлыгына ылайык белгиленүүчү компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмү кайра эсептелген пенсиянын өлчөмүнөн көз карандысыз сакталып калат.
2. (КР Президентинин 2011-жылдын 5-октябрындагы ПЖ № 252 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду пенсиялардын өз убагында кайра эсептелишин жана алардын жаңы өлчөмдөрдө төлөнүшүн камсыз кылсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |