Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 12-октябры ПЖ № 255
Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агенттиги (БКУКРА) жөнүндө Жобону бекитүү тууралу
Банкрот болгон коммерциялык банктарды атайын администрациялоо процессин жүргүзүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана финансы секторун андан ары өнүктүрүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агенттиги (БКУКРА) жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 6-апрелиндеги № 115 "Кыргыз Республикасынын Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агентствосу (ДЕБРА) жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 24-октябрындагы № 487 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 6-апрелиндеги № 115 "Кыргыз Республикасынын Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агентствосу (ДЕБРА) жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Жарлыгы.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |