Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 12-октябрындагы № 255 жарлыгы менен бекитилген |
Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агенттиги жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агенттигинин (мындан ары - Агенттик) ишинин укуктук жана уюштуруу негиздерин аныктайт.
2. Агенттик Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензияланууга жаткан коммерциялык банктардын жана башка финансы-кредиттик мекемелердин атайын администраторунун функцияларын ишке ашыруу максатында түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына (мындан ары - банктардын) ылайык депозиттер менен банктык операцияларды ишке ашыруучу мамлекеттик мекеме болуп саналат.
3. Агенттик Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына караштуу Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агенттиктин мүлктүк укуктарынын жана милдеттенмелеринин укук мураскору болуп саналат.
4. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Агенттик оперативдүү башкаруу укугуна негизделген юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, обочолонгон мүлкү, банктарда жана башка финансы-кредиттик мекемелерде эсеп-кысабы жана башка эсептери, мамлекеттик, орус жана англис тилдеринде аталышы бар жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, штамптары, бланктары жана башка атрибутикасы болот.
6. Агенттик өз милдеттенмелери боюнча өзүнүн бардык мүлкү менен жооп берет, өз атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды сатып алууга жана жүргүзүүгө, милдеттерди тартууга, сотто доогер жана жоопкер боло алат.
7. Агенттиктин расмий толук аталышы:
- кыргыз тилинде: "Банктарды кайра уюштуруу жана карыздарды реструктуралаштыруу боюнча агенттиги";
- орус тилинде: "Агентство по реорганизации банков и реструктуризации долгов";
- англис тилинде: "Debt Enterprise Bank Resolution Agency".
Агенттиктин кыскартылган аталышы:
- кыргыз тилинде: "БКУКРА";
- орус тилинде: "ДЕБРА";
- англис тилинде: "DЕВRА".
8. Агенттиктин жайгашкан орду: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 114.
2. Агенттиктин максаттары жана милдеттери
9. Агенттик анын карамагына берилген коммерциялык банктарды жана башка финансы-кредиттик мекемелерди атайын администрациялоо функцияларын жүзөгө ашыруу, ошондой эле чарбачылык субъекттеринин жана жеке жактардын ссудалык карыздарын (анын ичинде келишимдик негизде) өндүрүү боюнча ишти жүргүзүү максатында түзүлгөн.
10. Агенттиктин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- бирден-бир администратору катары анын карамагына берилген коммерциялык банктарды жана башка финансы-кредиттик мекемелерди жоюуну жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын резиденттери, ошондой эле резидент эместери катары чарбачылык субъекттеринин жана жеке жактардын карыздарын реструктуралаштыруу, сатуу жана кайра кайтаруу (өндүрүү);
- негизги милдеттерин аткаруунун чегинде финансы-кредит жагында агенттик, маркетингдик, консалтингдик, өкүлчүлүк кызматтарын көрсөтүү;
- негизги ишмердигинин маселелери боюнча маалыматтык-басма ишин уюштуруу;
- маалымат системасын киргизүү, өз ишмердигинин маселелери боюнча маалыматтар базасын түзүү;
- өндүрүү үчүн берилген, мамлекеттик бюджеттин алдындагы карыздарды кайтарууну камсыз кылуу;
- коммерциялык банктардын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдындагы карыздарын кайтарууну ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык консервацияны ишке ашыруу.
11. Ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу Агенттиктин ишмердигин түзөт, ал Кыргыз Республикасынын Жарандык
кодексинин жоболоруна, башка ченемдик укуктук актыларга, ошондой эле ушул Жобого ылайык оперативдүү башкаруу укугунда Агенттикке берилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинде турган мүлктү пайдалануу менен жүргүзүлөт.
3. Агенттиктин укуктары жана милдеттери
12. Агенттик ага жүктөлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- Агенттикке берилген ыйгарым укуктардын чегинде коммерциялык банктардан, башка юридикалык жана жеке жактардан зарыл маалыматтарды алууга;
- корутундуларды, консультацияларды алуу, ченемдик жана башка документтерди иштеп чыгуу үчүн кызмат көрсөткөнүнө тийиштүү акы төлөө менен эксперттерди, адистерди, көз карандысыз баалоочуларды тартууга;
- алдыга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун чыгарууга;
- уюштуруу-укуктук формасына карабастан ар кандай юридикалык жактар, ошондой эле өзүнүн ишмердигинин максаттары менен милдеттерине ылайык жарандар менен өз алдынча келишимдерди түзүү;
- Агенттиктин максаттары менен милдеттерине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык башка ишмердик кылууга.
13. Агенттиктин милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- банктарды реструктуралаштыруунун, реабилитациялоонун, санациялоонун жана жоюунун жүрүшүндө карыздарды өндүрүү боюнча иштерди уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын аткаруу;
- өзүнүн кызматкерлеринин банктардын ишмердиги жөнүндө купуя маалыматтардын же Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган учурлардан тышкары кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланыштуу, аларга белгилүү болуп калган башка маалыматтардын ачыкка чыкпашын камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген форма жана мөөнөттөр боюнча банктарды атайын администрациялоонун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына ай сайын отчет берүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө - бюджеттик ссудаларды кайтаруу жана жоюлуучу банктардын атайын администратору катары - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына аткарылган иши жөнүндө жыл сайын отчет берүүгө;
- депозиттерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекемеге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген форма жана мөөнөттөр боюнча кепилдик учурдун келип жетишинде жеке адамдардын депозиттери жөнүндө маалыматты (реестрди) берүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген тартипте Агенттикке жүктөлгөн башка милдеттерди аткаруу.
4. Агенттикти башкаруу
14. Агенттиктин башкаруу органдары болуп директорлор Кеңеши жана Агенттиктин директору саналат.
15. Агенттиктин директорлор Кеңеши (мындан ары - директорлор Кеңеши) төмөнкүдөй беш мүчөдөн турган Агенттиктин жогорку башкаруу органы болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын эки өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри дайындаган (коллегия мүчөсүнүн деңгээлинен төмөн болбогон) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бир өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасы дайындаган (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын мүчөсүнүн деңгээлинен төмөн болбогон) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын бир өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен бирдикте шайланган бир көз карандысыз өкүлдөн.
16. Директорлор Кеңешинин мүчөлөрү өз ишмердигин акысыз негизде жүргүзөт.
17. Директорлор Кеңешинин мүчөлөрү 5 жылдык мөөнөткө дайындалат.
18. Директорлор Кеңешинин төрагасы жана директорлор Кеңешинин төрагасынын орун басары директорлор Кеңешинин мүчөлөрү тарабынан 2 жылдык мөөнөткө жөнөкөй көпчүлүк добуш берүү менен шайланат.
19. Директорлор Кеңешинин төрагасынын орун басары директорлор Кеңешинин төрагасынын кызмат орду бош болгондо же убактылуу жок болгондо директорлор Кеңешинин төрагасынын милдеттерин аткарат.
20. Агенттиктин директорлор Кеңешинин өзгөчө компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Агенттиктин уюштуруу түзүмүн бекитүү;
- Агенттиктин финансылык планын жана аны аткаруу жөнүндө отчетту бекитүү;
- Агенттиктин директорунун ар жылдык отчетун угуу;
- Агенттиктин ар жылдык иш планын жана аны аткаруу жөнүндө отчетту бекитүү;
- Агенттиктин ишмердигинин ар жылдык аудитин өткөрүү үчүн көз карандысыз тышкы аудиторду дайындоо.
21. Директорлор Кеңеши жыйналышын зарылчылыгына жараша, бирок кварталда бир жолудан кем эмес өткөрөт. Чечим жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Директорлор Кеңешинин мүчөлөрү добуш бербей коюуга укуксуз.
22. Директорлор Кеңешинин кезексиз жыйналышы директорлор Кеңешинин төрагасынын же директорлор Кеңешинин төрт мүчөсүнүн демилгеси менен чакырылышы мүмкүн.
23. Директорлор Кеңешинин мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын башкаларга өткөрүп бере албайт.
24. Директорлор Кеңешинин ар бир жыйналышында протокол жазылат. Протоколго талкууланып жаткан маселенин кыскача мазмуну жана директорлор Кеңешинин бардык мүчөлөрүнүн пикирлери камтылууга тийиш.
5. Агенттиктин директору
25. Агенттикти башкарууну директор ишке ашырат. Агенттиктин директору жана анын орун басары Агенттиктин директорлор Кеңешинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.
26. Агенттиктин директору:
- Агенттикке жүктөлгөн маселелерди жана функцияларды аткаруу үчүн жоопкерчилик тартат;
- Агенттиктин иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине маалымат берет;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу боюнча Агенттиктин штаттык санын жана анын кызматчыларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттарын бекитет;
- Агенттиктин кызматчыларын, ошондой эле штаттан тышкаркы кызматчыларды ишке кабыл алат жана кызматтан бошотот;
- Агенттиктин кызматчыларын белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтөт;
- ишеним каттарды берет, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Агенттиктин компетенциясына тиешелүү маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө келишимдерди, макулдашууларды жана протоколдорду белгиленген тартипте түзөт;
- Агенттиктин учурдагы иш пландарын бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
27. Агенттиктин директору жок болгон учурда анын милдеттерин анын орун басары аткарат.
6. Агенттиктин мүлкү жана каражаттары
28. Агенттиктин мүлкү жана каражаттары анын балансында чагылдырылат жана ага бекитилген негизги фонддордон жана жүгүртүү каражаттарынан, ошондой эле анын ишинин натыйжасында түзүлүүчү фонддордон турат.
29. Төмөнкүлөр Агенттиктин финансылык каражаттарынын негизги булактары болуп саналат:
- карыздарды кайтарып алуудан жана Агенттиктин карамагына берилген активдерди сатуудан алынуучу чегерүүлөр;
- атайын администратордун функцияларын аткаргандыгы үчүн акы катары алынган сыйакылар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эл аралык уюмдар жана башка чет өлкөлүк булактар тарабынан финансылоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынбаган финансылоонун башка булактары.
7. Эсепке алуу, пландаштыруу жана Агенттиктин отчеттуулугу
30. Агенттик өз ишин бекитилген иш планынын негизинде ишке ашырат.
31. Агенттик Кыргыз Республикасында кабыл алынган бухгалтердик эсепке алуунун эл аралык стандарттарына ылайык өзүнүн ишинин жыйынтыктарын бухгалтердик эсепке алууну ишке ашырат жана статистикалык отчеттуулукту белгиленген тартипте жүргүзөт.
32. Агенттик салык салуу, тышкы аудит, депозиттерди коргоо системасы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган мөөнөттөрдө экономикалык маалыматты чогултуунун жана иштеп чыгуунун жалпы мамлекеттик системасын жүргүзүү үчүн зарыл болгон маалыматты компетенттүү мамлекеттик органдарга берет.
33. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Президентине отчет берет.
8. Ишин токтотуу
34. Агенттиктин ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
35. Агенттиктин иши токтотулганда, анын ишмердүүлүк процессинде келип чыккан документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.