Редакцияот 18.10.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2011-жылдын 18-октябры ПЖ № 256

Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык келтирүү максатында:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы № 577 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкерлердин окутуудан өтүшү жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" Жарлыгы;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 20-январындагы № 13 "2009-жылдын 14-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкерлердин окутуудан өтүшү жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Жарлыгы.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

Р.Отунбаева