Загрузка документа…
КР Президентинин 2011-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №256 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 14-декабры ПЖ № 577
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкерлердин окутуудан өтүшү жөнүндө Жобону бекитүү тууралу
(КР Президентинин 2011-жылдын 20-январындагы ПЖ №13 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын сот системасынын кадрдык потенциалын натыйжалуу калыптандыруу жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 17-беренесин турмушка ашыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордуна талапкерлердин окутуудан өтүшү жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши окутуу менен байланышкан уюштуруу, финансылык, материалдык-техникалык жана башка маселелерди эки айлык мөөнөттө чечсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын сот органдары менен эриш-аркак аракеттенүү боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Президентинин 2011-жылдын 20-январындагы ПЖ №13 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |