Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 27-декабры ПЖ №65
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосун түзүү жөнүндөгү" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгын жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 3-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-апрелиндеги №109 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 15-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентствосун түзүү жөнүндөгү" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгы ага кол коюлган күндөн тартып жокко чыгарылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет жана 2010-жылдын 5-апрелинен тартып колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |