Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 18-январындагы №8 Жарлыгы менен бекитилген
|
Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Коргоо кеңешинин негизги милдеттери
3. Коргоо кеңешинин курамы
4. Коргоо кеңешинин иштөө тартиби жана ишин камсыз кылуу
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши (мындан ары - Коргоо кеңеши) коргонуу саясаты жана коопсуздук маселелери боюнча туруктуу иштөөчү коллегиялуу, кеңешүүчү жана координациялык орган болуп саналат.
2. Коргоо кеңешинин ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, коргоо жана улуттук коопсуздук жагындагы мамилелерди жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамдуу күчүнө кирген эл аралык келишимдер, башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле ушул Жобо түзөт.
2. Коргоо кеңешинин негизги милдеттери
3. Коргоо кеңешинин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат.
1) коопсуздук жана коргоо саясатынын стратегиялык маселелерин кароо жана аныктоо;
2) аскердик коргоо жана улуттук коопсуздук маселелери боюнча чараларды иштеп чыгуу;
3) компетенциясы коргоо, коопсуздук жана мамлекеттин бүтүндүгүн камсыз кылууга багытталган мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруунун негизинде коргоо жана коопсуздукту уюштуруу системасын өркүндөтүү боюнча маселелерди кароо;
4) коргоо саясаты жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо;
5) кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине билдирүү менен өзгөчө абалды киргизүү, узартуу же алып салуу боюнча тийиштүү сунуштарды кароо жана Кыргыз Республикасынын Президентине киргизүү;
6) инсандын, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуучу мурдагы органдарды реформалоо же жаңыларын түзүүгө багытталган чаралардын системасын өркүндөтүү боюнча маселелерди кароо;
7) коргоо жана коопсуздук жагындагы башка милдеттер.
3. Коргоо кеңешинин курамы
4. Коргоо кеңеши Коргоо кеңешинин төрагасынан жана мүчөлөрүнөн турат.
Коргоо кеңешинин курамына төмөнкүлөр кирет:
- Кыргыз Республикасынын Президенти - Коргоо кеңешинин төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору;
- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
- Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
- Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
- Кыргыз Республикасынын финансы министри;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы.
4. Коргоо кеңешинин иштөө тартиби
жана ишин камсыз кылуу
5. Коргоо кеңешинин жыйналышын Коргоо кеңешинин төрагасы алып барат.
Коргоо кеңешинин жыйналышы зарылчылыгына жараша өткөрүлүп турат. Коргоо кеңешинин жыйналышынын күн тартиби жана маселелерди кароо тартиби төрага тарабынан аныкталат. Коргоо кеңешинин мүчөлөрү анын жыйналышына алмашуу укугусуз катышат.
Коргоо кеңешинин чечимдери Коргоо кеңешинин жалпы мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Аларды жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары жана буйруктары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору жана буйруктары чыгарылат. Коргоо кеңешинин жыйналышында протокол жазылат, ага Коргоо кеңешинин төрагасы жана Коргоо кеңешинин катчысы кол коет.
Каралып жаткан маселенин мазмунуна жараша Коргоо кеңешинин жыйналышын даярдоого жана катышууга консультанттар, эксперттер жана башка компетенттүү адамдар тартылат, убактылуу комиссиялар жана жумушчу топтор түзүлөт.
Коргоо кеңешинин жыйналышына мамлекеттик органдардын, уюмдардын жетекчилери жана талкууланып жаткан маселеге түздөн-түз тиешеси бар башка адамдар чакыртылышы мүмкүн.
6. Коргоо кеңешинин катчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат.
Коргоо кеңешинин ишин камсыз кылуу боюнча өз ишинде Коргоо кеңешинин катчысы түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Президентине баш ийет, ал эми башка маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси менен өз ара аракеттенет.
Коргоо кеңешинин катчысы Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгына башчылык кылат, ал коопсуздук жана коргоо жагында Кыргыз Республикасынын Президентинин конституциялык ыйгарым укуктарын жүргүзүү боюнча Коргоо кеңешинин ишин камсыз кылат.
7. Коргоо кеңешинин катчылыгынын функциясын Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын коргоо жана коопсуздук бөлүмү жүзөгө ашырат.
8. Коргоо кеңешинин катчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча чет мамлекеттердин ушундай органдары, эл аралык, мамлекеттер аралык, коомдук, диний жана башка уюмдар менен анын ишмердиги менен байланышкан маселелер боюнча мамилелеринде Коргоо кеңешинин атынан иш алып барат.
9. Ушул Жобо "Коргоо кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынганга чейин колдонууда болот.