Загрузка документа…
КР Президентинин 2011-жылдын 15-сентябрындагы ПЖ № 240 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2011-жылдын 18-январы ПЖ № 8
Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө
"Коргоо кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынганга чейин коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча чараларды үзгүлтүксүз жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши тиркелген тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө Жобо бекитилсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 26-июлундагы № 56 "Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин курамы жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 9-сентябрындагы № 171 Жарлыгы.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р. Отунбаева |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 18-январындагы № 8 Жарлыгынын тиркемеси |
Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин КУРАМЫ
Отунбаева Роза - Кыргыз Республикасынын Президенти - Кыргыз
Исаковна Республикасынын Коргоо кеңешинин төрагасы;
Келдибеков Ахматбек - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин
Келдибекович Төрагасы;
Атамбаев Алмазбек - Кыргыз Республикасынын Премьер-министри;
Шаршенович
Каптагаев Эмилбек - Кыргыз Республикасынын Президентинин
Саламатович Аппаратынын Жетекчиси;
Атаханов Шамиль - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-
Есенжанович министри - Кыргыз Республикасынын коргоо
кеңешинин катчысы;
Табалдиев Бусурманкул - Кыргыз Республикасынын Президентинин
Беркутович Аппаратынын коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн
башчысы - Кыргыз Республикасынын Коргоо
кеңешинин катчысынын орун басары;
Байболов Кубатбек - Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун
Калбекович милдетин аткаруучу;
Казакбаев Руслан - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер
Айтбаевич министри;
Кудайбердиев Абибилла - Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
Алымович
Рысалиев Зарылбек - Кыргыз Республикасынын ички иштер
Кылычбекович министри;
Имашев Чоробек - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Имашевич
Борбиев Болотбек - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар
Ибраимович министри;
Дүшебаев Кеңешбек - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук
Асанбекович мамлекеттик комитетинин төрагасы.