Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2012-жылдын 2-февралы ПЖ № 25

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду киргизүү тууралу

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана ишмердигин өркүндөтүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы № 111 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө Жобого төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- "Мүлк жана каражаттар" деген 3-бөлүм төмөнкү мазмундагы 13-1-пункту менен толукталсын:

"13-1. Иш башкармасынын ведомстволук уюмдары өндүргөн товарлар, аткарган иштер жана кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн системалаштырылган бирдиктүү реестрине (тизмесине) кирбейт, алынган кирешелер ведомстволук уюмдар тарабынан Иш башкармасына жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн пайдаланылат жана республикалык бюджетке алып коюлбайт.".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

Р.Отунбаева