Загрузка документа…
КР Президентинин
2015-жылдын 3-февралындагы ПЖ № 12 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 12-марты ПЖ № 61
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 27-майындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кадр ишинин кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 8-бөлүгүнө жана "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 27-майындагы № 126 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кадр ишинин кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жогорку командалык курамдын адамдары ээлеген кызмат орундарынын Тизмесинде:
4-пунктта "1" деген сан "2" деген сан менен алмаштырылсын;
5-пунктта "Коргоо министринин орун басары -" деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |