Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2015-жылдын 3-февралы ПЖ № 12
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп табуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда кабыл алынган чечимдерин инвентаризациялоонун алкагында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 16-сентябрындагы № 305 "Кыргыз Республикасынын Чегара кызматында кадр ишинин кээ бир маселелери жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 3-июлундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндөгү" Указына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгы;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 27-майындагы № 126 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кадр ишинин кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгы;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 12-мартындагы № 61 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 27-майындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кадр ишинин кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгы.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |