КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 14-марты ПЖ № 62
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтүп бүткөн аскер кызматчыларды жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын запаска бошотуу, ошондой эле 2012-жылдын апрель-июнунда жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жана чакыруучу мобилизациялык резервге аскердик кызматка алуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-, 17-, 31-беренелерине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер кызматчылар жана альтернативдик кызматтын кызматчылары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан запаска бошотулсун.
2. 2012-жылдын апрель-июнунда чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктарын жоготкон эркек жарандар Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, мыйзамда аскердик кызмат каралган башка аскердик бөлүктөрүнө мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылсын, ошондой эле альтернативдик кызматка жана чакырылуучу мобилизациялык резервге аскердик кызматка алынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мөөнөттүү аскер кызматынын аскер кызматчыларын жана альтернативдик кызматтын кызматчыларын бошотуунун мөөнөттөрүн, жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакыруунун жана чакырылуучу мобилизациялык резервге аскердик кызматка алуунун тартибин аныктасын.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |