Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 227 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 2-апрели ПЖ № 76
Президенттик «XXI кылымдын кадрлары» жана «Билимге жетишүү (Жеткинчек)» билим берүү программаларын жүзөгө ашырууга тиешелүү болгон айрым маселелер жөнүндө
Президенттик «XXI кылымдын кадрлары» жана «Билимге жетишүү (Жеткинчек)» билим берүү программаларын андан ары жүзөгө ашыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 11-сентябрындагы № 218 «Президенттик «XXI кылымдын кадрлары» билим берүү программасы жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктта «Аталган программаны жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы билим берүү жана илим иштери боюнча» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Президенттик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу боюнча» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пунктта «билим берүү жана илим иштери боюнча» деген сөздөр «Президенттик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу боюнча» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталган Указ менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы билим берүү жана илим иштери боюнча Комиссия жөнүндө Жободо:
аталышында «билим берүү жана илим иштери боюнча» деген сөздөр «Президенттик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу боюнча» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-статья төмөнкү редакцияда берилсин:
«1-статья. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Президенттик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу боюнча Комиссия (мындан ары - Комиссия) Президенттик «XXI кылымдын кадрлары» жана «Билимге жетишүү (Жеткинчек)»билим берүү программаларын жүзөгө ашырууну, билим берүү жана илим жаатында өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн эл аралык программаларына көмөк көрсөтүүнү ишке ашыруучу туруктуу иштеген орган болуп саналат.»;
2-статьяда «кеминде 10 кишиден» деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1997-жылдын 24-ноябрындагы № 309 «Президенттик «Жеткинчек» жана «Үмүт» стипендияларын түзүү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пунктта «билим берүү жана илим иштери боюнча» деген сөздөр «Президенттик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу боюнча» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Указ менен бекитилген, республиканын жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн Президенттик «Үмүт» стипендиясы жөнүндө Жободо:
бүткүл текст боюнча «билим берүү жана илим иштери боюнча» деген сөздөр «Президенттик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу боюнча» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-пунктта «Билим берүү, илим жана маданият министрлигинин структуралык бөлүмдөрү» деген сөздөр «билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган Указ менен бекитилген, зээндүү окуучу балдар үчүн Президенттик «Жеткинчек» стипендиясы жөнүндө Жободо:
бүткүл текст боюнча «билим берүү жана илим иштери боюнча» деген сөздөр «Президенттик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу боюнча» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-пунктта «Билим берүү, илим жана маданият министрлиги» деген сөздөр «Билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6-пунктта «төлөнөт» деген сөз «бөлүнөт» деген сөз менен алмаштырылсын, «Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин жергиликтүү органдары аркылуу» деген сөздөр алып салынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 11-февралындагы № 41 «Билимге жетишүү (Жеткинчек) программасынын негизги багыттарын бекитүү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- бүткүл текст боюнча «билим берүү жана илим иштери боюнча» деген сөздөр «Президенттик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу боюнча» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-пунктта «жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнө» деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган Указ менен бекитилген, «Билимге жетишүү (Жеткинчек)» программасынын негизги багыттарында:
III бөлүмдүн үчүнчү абзацында «Билим берүү жана илим иштери боюнча» деген сөздөр «Президенттик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу боюнча» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
IV бөлүмдүн экинчи абзацында «Администрациясынын» деген сөз «Аппаратынын» деген сөз менен алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Президенттик билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу боюнча Комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 8-апрелиндеги № 118 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 11-сентябрындагы «Президенттик «XXI кылымдын кадрлары» билим берүү программасы жөнүндөгү» Указына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 4-сентябрындагы № 291 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 11-сентябрындагы «XXI кылымдын кадрлары» Президенттик билим берүү программасы жөнүндөгү» Указына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу» Жарлыгы.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Президенттик
билим берүү программаларын жүзөгө ашыруу боюнча
комиссиянын курамы
Сатыбалдиев Жантөрө Жолдошевич
| - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, Комиссиянын төрагасынын төрагасы;
|
Исаков Сапар Жумакадырович
| - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басарынын рангында тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы, Комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссиянын мүчөлөрү:
Никитенко Наталья Владимировна
| - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча Комитеттин мүчөсү (макулдашуу боюнча);
|
Кудайбердиева Гүлмира Каримовна
| - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча Комиссиянын жооптуу катчысы;
|
Раев Султанбай Акимович
| - Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси;
|
Садыков Канат Жалилович
| - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
|
Кожошев Арзыбек Орозбекович
| - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
|
Асанбеков Нурлан Аскарович
| - Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын директору, «Сахна» маданият коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча);
|
Тойчубаев Төлөндү | - «Билимкана билим берүү фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча). |