ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2012-жылдын 9-апрелиндеги ПЖ №82 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө»

Редакция09.04.2012 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2012-жылдын 9-апрели ПЖ №82

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын кээ бир ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Бакирова Нургуль Жакыповнанын ыйгарым укуктары 2012-жылдын 9-апрелинен баштап анын кызмат орду Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ээленгенге чейин узартылсын.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А. Атамбаев