Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-июнундагы № 115 Жарлыгы менен бекитилген |
Этностор аралык, конфессиялар аралык өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Коомдук эксперттик кеңеш жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин 2013-жылдын 24-октябрындагы № 209 жарлыгы менен күчүнө киргизилген)
1. Жалпы жоболор
2. Коомдук эксперттик кеңештин функциялары жана укуктары
3. Коомдук эксперттик кеңештин курамы жана аны түзүү тартиби
4. Коомдук эксперттик кеңештин ишмердүүлүгүнүн түрлөрү
5. Коомдук эксперттик кеңештин ишин материалдык-техникалык
жана маалыматтык жактан камсыз кылуу
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо этностор аралык, конфессиялар аралык өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Коомдук эксперттик кеңештин (мындан ары - Коомдук эксперттик кеңеш) статусун, түзүү жана ишин уюштуруу тартибин аныктайт.
2. Коомдук эксперттик кеңеш этностор аралык, конфессиялар аралык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүү жана жүзөгө ашыруу боюнча ишке жарандык коомдун жана эксперттик жамааттын өкүлдөрүн тартуу максатында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
3. Коомдук эксперттик кеңештин негизги милдети болуп этностор аралык, конфессиялар аралык өнүктүрүү маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу саналат.
4. Коомдук эксперттик кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2. Коомдук эксперттик кеңештин функциялары жана укуктары
5. Коомдук эксперттик кеңеш:
1) этностор аралык, конфессиялар аралык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик бийликтин органдарына рекомендацияларды жана сунуштарды иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин (мындан ары Президент), жарандык коомдун жана эксперттик коомчулуктун ортосундагы баарлашуу аянтчасы болуп саналат;
2) этностор аралык, конфессиялар аралык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын маселелерин козгогон Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, ошондой эле мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын долбоорлоруна коомдук экспертиза жүргүзүүгө;
3) этностор аралык, конфессиялар аралык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты калыптандырууда жана жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын жарандарынын керектөөлөрү менен таламдарын эске алуу максатында алар жөнүндө маалыматтарды топтойт жана талдоого алат;
4) этностор аралык, конфессиялар аралык өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясат маселелери боюнча рекомендацияларды жана сунуштарды иштеп чыгат.
6. Коомдук эксперттик кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
1) этностор аралык, конфессиялар аралык өнүктүрүү маселелери боюнча жарандык форумдарды, угууларды жана башка иш-чараларды уюштурууга;
2) өз ыйгарым укуктарынын чегинде актуалдуу маселелерди кароо боюнча жумушчу топторду түзүүгө жана өз ишине улуттук жана эл аралык эксперттерди тартууга;
3) мамлекеттик органдардан жана уюмдардан ага жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон, мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка сырды камтыган документтерден тышкары, маалыматтарды жана документтерди белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
4) зарылдыгына жараша өзүнүн ишмердиги жөнүндөмаалыматты даярдоого, Президенттин сайтында жайгаштырууга, жалпыга маалымдоо каражаттарындажарыялоого..
3. Коомдук эксперттик кеңештин курамы жана аны түзүү тартиби
7. Коомдук эксперттик кеңештин курамы эки жылдык мөөнөткө Президент тарабынан түзүлөт.
8. Коомдук эксперттик кеңештин курамына жарандык сектордун өкүлдөрү, ошондой эле коомчулуктун колдоосуна ээ болгон, жеке кадыр-баркка ээ жана өзүнүн кесиптик чөйрөсүндө таасири бар, эксперттик билимдерге ээ, Коомдук эксперттик кеңештин ишмердигинин негизги маселелерин билген адистер кирет.
9. Коомдук эксперттик кеңештин мүчөлөрү өз ишмердүүлүгүн коомдук башталыштарда жүзөгө ашырышат, алардын Коомдук эксперттик кеңештин курамында мүчө экендигин ырастаган күбөлүгү болот.
10. Коомдук эксперттик кеңештин мүчөсү төмөнкү негиздер боюнча өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотот:
1) (КР Президентинин 2013-жылдын 24-октябрындагы № 209 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2) (КР Президентинин 2013-жылдын 24-октябрындагы № 209 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3) Кыргыз Республикасынын жарандыгын токтоткондугуна байланыштуу;
4) соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу;
5) анын аракетке жөндөмдүүлүгү чектелгендиги же аракетке жөндөмдүү эместиги жөнүндө соттун чечиминин күчүнө киришине байланыштуу;
6) өлгөндүгүнө же аны өлдү деп таануу жөнүндө соттун чечиминин күчүнө киришине байланыштуу;
7) аны дайынсыз жоголду деп таануу жөнүндө соттун чечиминин күчүнө киришине байланыштуу;
8) жүйөөлүү себепсиз Коомдук эксперттик кеңештин жыйналышын катары менен үч жолу өткөрүп жибергендигине байланыштуу.
11. Ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн негиздер боюнча Коомдук эксперттик кеңештин мүчөлөрүнүн биринин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганда Президент Коомдук эксперттик кеңештин жаңы мүчөсүн дайындайт, анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Коомдук эксперттик кеңештин башка мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү менен бир учурда аяктайт.
4. Коомдук эксперттик кеңештин ишмердүүлүгүнүн түрлөрү
12. Коомдук эксперттик кеңештин ишмердүүлүгүнүн негизги түрү болуп Коомдук эксперттик кеңештин жыйналыштары саналат.
13. Коомдук эксперттик кеңеш ушул Жобо менен жөнгө салынбаган бардык маселелер боюнча өз ишинин Регламентин аныктайт.
14. Коомдук эксперттик кеңештин ишине жалпы жетекчиликти координатор жүргүзөт, ал мүчөлөрдүн арасынан, ачык добуш берүү менен катышуучулардын жөнөкөй көпчүлүк добуш мене шайлант Ошол эле учурда биринчи жыналыштын координатору болуп Коомдук эксперттик кеңештин курагы боюнча улуусу шайланат.
15. Коомдук эксперттик кеңештин координатору:
1) жыйналышты даярдайт жана Коомдук эксперттик кеңештин жыйналыштарында модератордун функцияларын аткарат, анын рекомендацияларын жана сунуштарын Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жеткирүүгө көмөк көрсөтөт;
2) (КР Президентинин 2013-жылдын 24-октябрындагы № 209 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3) Коомдук эксперттик кеңештин ишин уюштуруу менен байланышкан башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт.
16. Коомдук эксперттик кеңештин Президент катышкан жыйналышы зарылдыгына жараша жана жылына бир жолу өткөрүлөт. Жыл ичинде ушул Жобого ылайык , анын ичинде зарыл болгон учурда Коомдук эксперттик кеңеш тарабынан түзүлгөн жумушчу топтордо эксперттик жана талдоочулук көрүү иштери жүргүзүлөт.
17. Коомдук эксперттик кеңештин рекомендациялары жана сунуштары жыйналышта катышып олтургандардын көпчүлүк добушу менен протокол түрүндө кабыл алынат жана сунуш мүнөзүндө болот. Добуштардын саны тең болгон учурда, Коомдук эксперттик кеңештин жыйналышынын координатору добуш берген чечим кабыл алынган болуп эсептелет.
5. Коомдук эксперттик кеңештин ишин материалдык-техникалык
жана маалыматтык жактан камсыз кылуу
18. Коомдук эксперттик кеңештин ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратын күтүүгө каралган каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан жүргүзүлөт.
19. Коомдук эксперттик кеңештин иши Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен тыюу салынбаган каражаттарды тартуунун эсебинен финансыланышы мүмкүн.
20. Коомдук эксперттик кеңештин ишин маалыматтык жана документ жагынан камсыз кылууну, ошондой эле Коомдук эксперттик кеңештин жыйналыштарынын протоколун алып барууну Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жүргүзөт.
21. Коомдук эксперттик кеңештин Кыргыз Республикасынын Президентинин расмий веб-сайтында өз бөлүмү болот.