Загрузка документа…
КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 4-июну ПЖ № 115
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештерди түзүү жөнүндө
(КР Президентинин 2013-жылдын 24-октябрындагы ПЖ № 209, 2015-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 216, 2016-жылдын 30-июнундагы ПЖ № 155 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргызстан элинин биримдигин чыңдоого, өлкөдө тынчтыкты жана ынтымакты камсыз кылууга багытталган мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана жүзөгө ашыруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын жаңы муунун тарбиялоону, илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү боюнча ишке жарандык коомдун жана эксперттик жамааттын өкүлдөрүн тартуу максатында токтом кылам:
(КР Президентинин 2015-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 216 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
- (2-абзац КР Президентинин 2016-жылдын 30-июнундагы ПЖ № 155 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- билим берүүнү жана илимди өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Коомдук эксперттик кеңеш 2-тиркемеге ылайык курамда.
(КР Президентинин 2015-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 216, 2016-жылдын 30-июнундагы ПЖ № 155 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- (2-абзац КР Президентинин 2016-жылдын 30-июнундагы ПЖ № 155 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- билим берүүнү жана илимди өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Коомдук эксперттик кеңеш жөнүндө Жобо.
(КР Президентинин 2015-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 216, 2016-жылдын 30-июнундагы ПЖ № 155 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештерге (мындан ары - коомдук эксперттик кеңештер) биринчи кезектеги тартипте этностук жана диний саясат, билим берүү жана илим чөйрөсүндө мыйзамдык жана ченемдик укуктук базаны коомдук экспертизадан өткөрүү жана аларды өркүндөтүү боюнча рекомендацияларды иштеп чыгуу сунуш кылынсын.
(КР Президентинин 2015-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 216 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук эксперттик кеңештерге алар өздөрүнүн ыйгарым укуктарын аткарууда көмөк көрсөтсүн, анын ичинде мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка сырды камтыган документтерден тышкары, документтерди жана материалдарды берсин.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Атамбаев |
|
| 2-тиркеме |
(КР Президентинин 2015-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 216 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Адамкулова Чинара Усенбековна | - | экономика илимдеринин кандидаты, профессор, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору (макулдашуу боюнча); |
Глушкова Марина Юрьевна | - | биология илимдеринин кандидаты, Социалдык интеграциялоо борборунун директору (макулдашуу боюнча); |
Дербишева Замира Касымбековна | - | филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы байкоочу кеңештин жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Жусупова Алия Мырсалиевна | - | "Билим берүү демилгелеринин форуму" коомдук бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча); |
Керезбеков Канат Керезбекович | - | юридика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору (макулдашуу боюнча); |
Ким Алла Николаевна | - | Бишкек шаарынын № 47 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору (макулдашуу боюнча); |
Коротенко Владимир Александрович | - | философия илимдеринин кандидаты, "Биом" экологиялык кыймылынын кеңешинин төрагасы(макулдашуу боюнча); |
Кулмырзаев Асылбек Атамырзаевич | - | техника илимдеринин доктору, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин биринчи проректору (макулдашуу боюнча); |
Мундузбаева Елена Владимировна | - | Бишкек шаарынын № 12 мектеп-гимназиясынын окуу-тарбия берүү комплексинин директору (макулдашуу боюнча); |
Разаев Маматкалил Маматюсупович | - | Азия Өнүктүрүү Банкынын долбоорлору боюнча адис (макулдашуу боюнча); |
Рыскелдиев Улан Асанович | - | техника илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын эксперти (макулдашуу боюнча); |
Сирмбард Светлана Рустамовна | - | доцент, Бишкек финансы-экономикалык академиясынын ректору, Кыргыз Республикасында жогорку билим берүүнү реформалоо боюнча улуттук эксперт (макулдашуу боюнча); |
Эсенгулова Миргүл Молутбековна | - | И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасынын доценти (макулдашуу боюнча). |