Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 27-июну ПЖ №126
(КР Президентинин 2012-жылдын 21-сентябрындагы ПЖ №202 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдеринин колдонулушун токтотуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун төмөнкү судьяларынын ыйгарым укуктары 2012-жылдын 29-июнунан баштап алар ээлеген кызмат орундар Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык ээленгенге чейин узартылсын:
- Баткен облусунун Лейлек райондук сотунун судьясы - Абдураимов Арзыбай Базарбаевичтин;
- Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы - Алымкулова Бактыгул Эмиловнанын;
- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунун судьясы - Аманов Канат Амановичтин;
- Нарын облусунун Ат-Башы райондук сотунун судьясы - Арзыкулова Гулсун Абдыевнанын;
- Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьясы - Асанова Чолпон Карыпбековнанын;
- Баткен облусунун Сүлүктү шаардык сотунун судьясы - Ахмедова Гульсунай Ражаповнанын;
- Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы - Дюшеналиев Болоткан Жекшеновичтин;
- Жалал-Абад облусунун Ала-Бука райондук сотунун судьясы - Жаримбетов Абибилла Кадыровичтин;
- Талас облустук сотунун судьясы - Калиева Клара Джакшылыковнанын;
- Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык сотунун судьясы - Калыбеков Улукбек Жолдошевичтин;
- Чүй облусунун Токмок шаардык сотунун судьясы - Калпаев Алмаз Аскаровичтин;
- Талас облусунун Манас райондук сотунун судьясы - Кангельдиева Сулайка Салмарбековнанын;
- Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук сотунун судьясы - Кенжеева Асылкан Абдимаматовнанын;
- Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы - Конурбаев Сейтек Орозбаевичтин;
- Ош облусунун Чоң-Алай райондук сотунун судьясы - Кубатов Айвар Эсенкуловичтин;
- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунун судьясы - Маматов Абдыганы Омаровичтин;
- Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы - Марлес Феликстин;
- Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясы - Матазов Эркин Абдылдаевичтин;
- Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунун судьясы - Матраимов Назымбек Турдалиевичтин;
- Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясы - Оморова Гулчехра Чыракбековнанын;
- Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы - Орозбеков Муратбектин;
- Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы - Саралинова Айнура Меровнанын;
- Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясы - Сарыбаев Бакытбек Адилбековичтин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |