Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 21-сентябры ПЖ №202
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин тактоо максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27-июнундагы №126 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун жыйырманчы абзацындагы "Алай" деген сөз "Кара-Суу" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 17-январындагы №6 "Кыргыз Республикасынын сот системасын андан ары реформалоо боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу боюнча Комиссияны түзүү жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул Жарлык 2012-жылдын 27-июнунан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |