Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык   КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2012-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 136

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 20-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасында жарандык мыйзамдардын жоболоруна жана бюджеттик укуктун негизги принциптерине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 20-ноябрындагы № 410 "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункттун төртүнчү абзацындагы "социалдык жөлөкпулдардан жана стипендиялардан" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жана анын ведомстволук уюмдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармасы; жергиликтүү бюджеттен финансыланган бюджеттик мекемелер; бюджеттик мекемелердин эмгек акы, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу взносторуна чегерүүлөр, социалдык жөлөкпулдар, стипендиялар жана категориялык гранттар сыяктуу чыгымдарынын статьяларынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик мекемесин 2013-жылдан баштап республикалык каражаттардын эсебинен өзүнчө сап менен финансылоону кароо сунуш кылынсын.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А. Атамбаев