Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2008-жылдын 20-ноябры ПЖ № 410
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын маселелери жөнүндө
(КР Президентинин 2009-жылдын 22-июнундагы ПЖ № 285, 2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573, 2012-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 136, 2016-жылдын 18-февралындагы ПЖ № 38 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналыгынын системасын өркүндөтүү долбоорун натыйжалуу жана сапаттуу турмушка ашыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдында казыналык системасында мамлекеттик бюджетти аткарууда жана мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын кызматкерлерин эсепке алууну жана башкарууну уюштурууда маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүү боюнча "Инфо-Система" мамлекеттик мекемесин түзсүн;
- "Инфо-Система" мамлекеттик мекемесин түзүү менен байланышкан финансылык жана уюштуруу маселелерин чечсин;
- (4-абзац КР Президентинин 2016-жылдын 18-февралындагы ПЖ № 38 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
(КР Президентинин 2009-жылдын 22-июнундагы ПЖ № 285, 2012-жылдын 11-июлундагы ПЖ № 136, 2016-жылдын 18-февралындагы ПЖ № 38 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
2. (КР Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |