Загрузка документа…
КР Президентинин 2020-жылдын 22-сентябры ПЖ № 178 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 21-августу ПЖ №149
Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
(КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана иш-аракетин өркүндөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 11-июлундагы №335 "Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда көрсөтүлгөн Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө Жобонун 15-пунктунун экинчи абзацында "эки" деген сөз "үч" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. (КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту).
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети өздөрүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтиришсин.
4. Ушул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |