Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2020-жылдын 22-сентябры № 178
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Президентинин 2025-жылдын 12-ноябрындагы ПЖ N 310, 2026-жылдын 11-июнундагы № 208, 2026-жылдын 10-августундагы № 280 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
«Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 11-июлундагы № 335 «Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө Жобону бекитүү тууралу» Жарлыгы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 21-августундагы № 149 «Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Жарлыгы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 21-октябрындагы № 211 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 11-июлундагы «Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө Жобону бекитүү тууралу» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыгы.
Бул Жарлык расмий жарыяланууга жатат жана 2020-жылдын 17-июлунан тартып күчүнө кирет.
Президент | С. Ш. Жээнбеков
|
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Улуттук статистика комитети жөнүндө
жобо
(КР Президентинин 2025-жылдын 12-ноябрындагы ПЖ N 310, 2026-жылдын 11-июнундагы № 208, 2026-жылдын 10-августундагы № 280 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (мындан ары – Улутстатком) «улуттук» статуска ээ расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган, ал улуттук статистика системасында расмий статистиканы иштеп чыгуу, жүргүзүү жана жайылтуу боюнча ишти координациялоону камсыз кылуучу расмий статистиканын жетектөөчү жүргүзүүчүсү болуп саналат.
2. Улутстатком өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Улутстатком кесиптик көз карандысыз орган болуп саналат, ага «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде баяндалган расмий статистиканын жоболоруна жана принциптерине карама-каршы келе турган милдеттер жүктөлбөйт.
Улутстатком Кыргыз Республикасынын Президентине отчет берет.
4. Улутстаткомдун системасына борбордук аппарат, аймактык органдар, ошондой эле ведомстволук бөлүмдөр – Интеллектуалдык маалыматтар борбору жана Статистикалык изилдөөлөр жана квалификацияны жогорулатуу институту кирет.
(КР Президентинин 2026-жылдын 11-июнундагы № 208 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Улутстатком өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар, эл аралык уюмдар жана башка өлкөлөрдүн статистика кызматтары менен өз ара аракеттенип жүргүзөт.
6. Улутстаткомдун ишин каржылоо республикалык бюджеттин жана мыйзам тарабынан тыюу салынбаган башка булактардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
7. Улутстатком юридикалык жак болуп саналат, анын банктарда өзүнүн алыш-бериш эсеби жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдеги өзүнүн аталышы менен мөөрү жана бланктары бар.
8. Уюштуруучулук-укуктук формасы – мекеме. Улутстаткомдун мамлекеттик тилдеги толук аталышы: «Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети», кыскартылган аталышы: «Улутстатком», расмий тилде: «Национальный статистический комитет Кыргызской Республики», кыскартылган аталышы: «Нацстатком».
Улутстаткомдун жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Фрунзе көчөсү, 374.
2. Улутстаткомдун максаттары жана маселелери
9. Кыргыз Республикасынын улуттук статистика системасынын жетектөөчү органы катары Улутстаткомдун ишинин максаты «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде белгиленген расмий статистиканын негиз түзүүчү принциптерине ылайык сапаттуу расмий статистиканы жүргүзүү жана жайылтуу болуп саналат.
10. Улутстаткомдун маселелери төмөнкүлөр болуп саналат:
расмий статистика чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
расмий статистиканы жүргүзүү жана жайылтуу;
коомдун, мамлекеттин жана эл аралык коомчулуктун расмий статистика маалыматына болгон муктаждыгын канааттандыруу;
улуттук статистика системасында расмий статистиканы иштеп чыгуу, жүргүзүү жана жайылтуу боюнча ишти координациялоону камсыздоо.
3. Улутстаткомдун функциялары
11. Улутстатком өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн төмөнкү функцияларды жүргүзөт:
1) камсыздоо функциялары:
расмий статистика чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыгат же даярдоого катышат;
эл аралык стандарттарга жана сунуштарга туура келген статистикалык методологияны иштеп чыгат, өркүндөтөт жана бекитет;
башка расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр, административдик маалыматтарды берүүчүлөр, расмий статистиканы пайдалануучулар жана респонденттер менен кызматташтыкта статистикалык программаларды иштеп чыгат жана ишке киргизет;
статистикалык документтердин (бланктар, суроо жыйнактары, анкеталар) форматтарын, маалыматтардын сапат маселелери боюнча пайдалануучулардын жана респонденттердин катышуусу менен аларды толтуруу боюнча нускамаларды иштеп чыгат жана бекитет;
расмий статистиканын жүргүзүүчүлөр, анын ичинде расмий статистиканы иштеп чыгуу, топтоо, иштетүү, талдоо, сактоо, ошондой эле ар жылдык статистикалык программага ылайык расмий статистиканы жайылтууга байланышкан иштин бардык түрүн жүргүзөт;
статистикалык изилдөөлөрдү уюштурат жана жүргүзөт;
статистикалык каттоолордун жыйынтыктоочу маалыматтарын даярдоону, жүргүзүүнү жана басып чыгарууну жүргүзөт;
статистикалык регистрлерди түзөт жана жүргүзөт;
эл аралык стандарттарга ылайык келүүчү статистикалык классификаторлорду иштеп чыгат жана ишке киргизет;
улуттук статистика системасынын алкагында расмий статистика өндүрүшүнүн технологиясын өнүктүрүүнү жана өркүндөтүүнү камсыз кылат;
расмий статистикалык маалыматты жүргүзүүнүн жана жайылтуунун бардык этаптарында жеке маалыматтардын купуялуулугун жана статистикалык максаттарда гана колдонууну камсыз кылат;
Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин (мындан ары – Статистика боюнча кеңеш) жыйналыштарын өткөрүүнү уюштурат;
статистикалык стандарттарды жана сунуштамаларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча эл аралык ишке катышат;
Улутстаткомдун системасынын кесиптик кадр потенциалын бекемдөөнү туруктуу негизде жүргүзөт;
2) координациялоо функциялары:
улуттук статистика системасынын алкагында эл аралык деңгээлде макулдашылган бир түрдүү түшүнүктөрдү, аныктамаларды, классификаторлорду жана ыкмаларды колдонуу практикасын координациялайт;
улуттук статистика системасынын бүтүндөй масштабында колдонуу үчүн ачык-айкын жол-жоболорду колдонуу менен расмий статистиканы координациялап жайылтуу саясатын башка расмий статистиканы жүргүзүүчүлөр менен өз ара аракеттенип аныктайт;
Статистика боюнча кеңеш менен биргеликте «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тийиштүү жоболорунун бардык расмий статистиканын жүргүзүүчүлөрү тарабынан сакталышына мониторинг жүргүзөт;
өзүнүн компетенциясынын алкагында расмий статистиканын маалыматтарын эл аралык уюмдарга жана башка өлкөлөрдүн уюмдарына өткөрүп берүү маселелери боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсүн эл аралык мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык координациялайт;
3) кызмат көрсөтүү боюнча функциялар:
маалыматтарды чогултуу жана статистикалык иштетүү боюнча юридикалык жана жеке жактарга кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылат;
Улутстаткомдун карамагына кирген маселелер боюнча жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын, даттанууларын белгиленген тартипте карайт.
4. Улутстаткомдун укуктары
12. Улутстатком белгиленген иштин чөйрөсүндөгү функцияларын жүзөгө ашыруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
«Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонгон бардык субъекттер тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон расмий статистиканы жүргүзүү жана жайылтуу маселелери боюнча чечимдерди өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алууга;
расмий статистиканы жүргүзүү үчүн зарыл маалыматтарды, анын ичинде идентификаторлору менен жеке маалыматтарды мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жеке, юридикалык жактардан же үй чарбаларынан акысыз негизде белгиленген тартипте суроо-талап кылууга жана алууга;
мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар, ошондой эле башка өлкөлөрдүн статистикалык кызматтары менен, ал эми зарыл болсо, улуттук статистика системасынын атынан өз ара аракеттенүү тууралуу макулдашууларды түзүүгө;
маалыматтарды редакциялоого жана текшерүүгө, ар түрдүү булактардагы маалыматтарды айкалыштырууга, жеке маалыматтарды байланыштырууну жана салыштырууну статистикалык максаттарда гана жүзөгө ашырууга, ошондой эле кемчиликтерди жоюу үчүн баалоонун статистикалык усулдарын пайдаланууга;
изилдөө максатында же расмий статистиканы жүргүзүү үчүн жеке жана юридикалык жактарды идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү идентификаторлорсуз жеке маалыматтарды алууга келишимдик негизде мүмкүндүк берүүгө;
статистикалык иш-чараларды жана методологиялык иштеп чыгууларды өнүктүрүү жана координациялоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, илимий-изилдөө мекемелеринин, бизнестин, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен консультативдик-кеңешүүчү органдарды түзүүгө;
статистикалык суроолорго жана расмий статистиканы туура эмес колдонгон бардык фактыларга коом алдында комментарийлерди берүүгө;
«Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык маалыматтык-коммуникациялык кызматтарды көрсөтүү үчүн мекемелерди, ишканаларды жана уюмдарды түзүүгө;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жаза чараларын салуу жана бузууларга кошумча укуктук таасирлерди колдонуу боюнча чараларды жүргүзүүгө;
улуттук статистикалык системаны өнүктүрүү үчүн эл аралык уюмдардын жана мекемелердин каражаттарын, донор-өлкөлөрдүн гранттарын мыйзамдарда белгиленген тартипте тартууга;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка укуктарды жүргүзүүгө.
5. Улутстаткомдун милдеттери
13. Улутстатком ага жүктөлгөн маселелерге ылайык төмөнкүлөргө милдеттүү:
расмий статистиканын сапат критерийлерин сактоону, маалыматтарды чогултуу жана иштетүү боюнча чыгымдарды, респонденттерге жүктөмдү эске алуу менен маалыматтарды чогултууга;
статистикалык изилдөөлөрдүн максаттары жана укуктук негизи, ошондой эле маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу чаралары жөнүндө маалымат берүү менен респонденттерди отчеттук-статистикалык документтер менен камсыз кылууга;
расмий статистиканын сапатын туруктуу негизде жакшыртууга жана баалоо жүргүзүүгө;
зарыл болсо, бир түрдүү, эл аралык деңгээлде макулдашылган түшүнүктөрдү, аныктамаларды, классификаторлорду жана ыкмаларды колдонууга;
өндүрүш процессинде колдонула турган булактарды жана ыкмаларды, ошондой эле статистикалык маалыматтардын жыйынтык топтомдорун бекитилген стандарттарга ылайык документтештирүүгө;
статистикалык жүргүзүүнүн бардык булактары жана ыкмалары жөнүндө маалымдоо менен расмий статистикага бирдей жана бир убакытта жеткиликтүүлүктү бардык пайдалануучуларга берүүгө;
расмий статистикалык маалыматтарды басып чыгаруунун пландалган мөөнөттөрүн көрсөтүү менен маалыматтарды чыгаруу үчүн болжолдуу календарды иштеп чыгууга жана жарыялоого, ал эми мөөнөттөрүнөн четтеген учурларда, ал тууралуу алардын чыга турган жаңы датасын күн мурунтан көрсөтүү менен пайдалануучуларга билдирүүгө;
зарылдыгына жараша, башка расмий статистиканы жүргүзүүчүлөрдүн тизмесин алар жана Статистика боюнча кеңеш менен өз ара аракеттенип, иштеп чыгууга жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизүүгө;
статистикалык программалардын долбоорлорун Статистика боюнча кеңеш жана башка расмий статистиканын жүргүзүүчүлөрү менен макулдашууну камсыз кылууга жана аларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө киргизүүгө;
Улутстаткомдун расмий сайтына статистикалык программаларды алардын аткарылышы жөнүндө туруктуу отчету менен жайгаштырууга;
купуя маалыматтарды коргоо боюнча жөнгө салуучу, административдик, техникалык жана уюштуруу чараларын көрүүгө.
6. Улутстаткомдун ишин уюштуруу
14. Улутстаткомду Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жети жылдык мөөнөткө дайындалуучу төрага жетектейт.
15. Улутстаткомдун төрагасынын кызмат ордуна статистика, экономика, башкаруу, социология, маалыматтык технологиялар жана укук жаатында керектүү квалификацияга (жогорку билимге) ээ жана 10 жылдан кем эмес кесиптик тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган адам дайындала алат.
Көрсөтүлгөн квалификациялык талаптар ошондой эле Улутстаткомдун төрагасынын орун басарларына да колдонулат.
16. Улутстаткомдун төрагасы төмөнкү негиздердин бири бар болсо, ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн:
1) жеке арызы боюнча;
2) кызматтык милдеттерин ден соолугунун абалы же Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык башка себептер боюнча аткарууга мүмкүн эмес болсо;
3) тараптардын эркинен көз каранды болбогон жагдайларга байланыштуу;
4) соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирсе;
5) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондугуна байланыштуу;
6) ээлеген кызмат орду боюнча талаптарга ылайык келбесе, Улутстаткомдун төрагасынын статусу менен айкалышпаган иш-аракеттерди жасаса же «Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун бузса;
7) Улутстаткомдун төрагасынын милдеттерин аткаруу менен айкалышпаган башка кызматка шайланса же дайындалса.
17. Улутстаткомдун төрагасынын эки орун басары, анын ичинде бир биринчи орун басары болот. Улутстаткомдун төрагасынын орун басарлары Улутстаткомдун төрагасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат.
Улутстаткомдун төрагасы жок убакта анын милдеттерин Улутстаткомдун төрагасынын биринчи орун басары аткарат.
(КР Президентинин 2026-жылдын 10-августундагы № 280 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
18. Улутстаткомдун төрагасы жана анын орун басарлары саясий партиялардын, диний уюмдардын ишине кандайдыр бир түрдө катыша алышпайт же көмөктөшпөйт, окутуучулук, илимий жана башка чыгармачылык ишмердиктен башка, ишкердик жана акы төлөнүүчү иштерди жүргүзө алышпайт.
19. Улутстаткомдун төрагасы:
Улутстаткомдун ишине жалпы жетекчиликти жүргүзөт жана Улутстаткомго жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер жана уюмдар, Кыргыз Республикасындагы жана чет өлкөлөрдөгү эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде Улутстаткомдун кызыкчылыктарын билдирет;
өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, Улутстаткомдун компетенциясына кирген маселелер боюнча кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө келишимдерге белгиленген тартипте кол коет;
улуттук статистикалык системасынын кесиптик көз карандысыздыгын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт жана расмий статистика жаатында кызыкдар тараптар менен стратегиялык иштеп чыгууларды жана өз ара аракеттенүүнү жетектейт;
расмий статистиканы иштеп чыгуу, жүргүзүү жана жайылтуу үчүн башка расмий статистиканын жүргүзүүчүлөр менен макулдашуу боюнча бүтүндөй улуттук статистика системасында колдонуу максатында стандарттарды, классификаторлорду жана жетектөөчү принциптерди бекитет, ошондой эле административдик маалыматтарды жеткирүүчүлөр тарабынан стандарттарды, классификацияларды жана терминдерди колдонууга көмөк көрсөтөт;
улуттук статистикалык системаны эл аралык деңгээлде көрсөтөт;
расмий статистика жаатында стратегиялык жана методологиялык иштерди колдоо максатында улуттук статистикалык системага кирген жана кирбеген мүчөлөрү менен ар кандай консультативдик органдарды уюштурат;
Улутстаткомдун коллегиясынын компетенциясына кирген маселелерди кошпогондо, Улутстаткомдун ишинин бардык маселелери боюнча чечимдерди кабыл алат;
коллегиянын жыйналыштарынын чечимдерине жана протоколдоруна кол коет;
төраганын орун басарларынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине талапкерлерди сунуштайт;
төраганын орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт;
мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча функционалдык милдеттерин аткарууну аппараттын жетекчисине жүктөйт;
расмий статистиканын түзүмдүк бөлүмдөрү, аймактык жана ведомстволук органдары жөнүндө жоболорду бекитет;
борбордук аппараттын, аймактык жана ведомстволук статистика органдарынын штаттык расписаниесин бекитет;
«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте, Улутстаткомдун борбордук аппаратынын кызматкерлерин, аймактык статистика органдарынын жетекчилерин мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын, ведомстволук органдардын башчылары менен макулдашуусуз кызмат орундарына дайындайт жана бошотот, аларга карата сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;
Улутстаткомдун системасынын бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды, тескемелерди чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет;
коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, мыйзамдардын сакталышын контролдоону камсыз кылуу, ошондой эле кызматтык тартиптин абалы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
«Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүргүзөт.
(КР Президентинин 2026-жылдын 11-июнундагы № 208 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
20. Улутстаткомдун системасын жетектөө үчүн коллегиалдуу орган - коллегия түзүлөт. Улутстаткомдун коллегиясы жети кишиден турат. Анын курамына кызматы боюнча Улутстаткомдун төрагасы жана анын орун басарлары кирет. Коллегиянын калган мүчөлөрү төраганын сунушу боюнча Улутстатком системасынын кызматкерлеринин арасынан Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат.
Коллегиянын иши жана функциялары Улутстаткомдун төрагасы тарабынан бекитилген тийиштүү Регламент менен аныкталат.
21. Эл аралык деңгээлде макулдашылган стандарттарга, колдонмолорго жана алдыңкы тажрыйбага таянган расмий статистиканы сапаттуу жүргүзүү жана улуттук статистика системасын натыйжалуу иштетүү максатында Улутстаткомдун базасында методология маселелери боюнча консультативдик-кеңешүүчү орган болуп саналган методологиялык кеңеш иш жүргүзөт. Методологиялык кеңештин курамына Улутстаткомдун, башка расмий статистиканы жүргүзүүчүлөрдүн жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү кирет.
Методологиялык кеңештин иши жана функциялары Улутстаткомдун төрагасы тарабынан бекитиле турган тийиштүү Регламент менен аныкталат.
22. Борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, аймактык органдардын жана ведомстволук бөлүмдөрдүн ишин контролдоо белгиленген тартипте Улутстатком тарабынан жүргүзүлөт.
23. Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү натыйжалуу иштетүү үчүн инвестицияларды тартууга уруксат берилет.
7. Корутунду жоболор
24. Улутстаткомдун ишин кайра уюштуруу (токтотуу) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
25. Улутстаткомдун иши токтотулган учурда анын ишинин жүрүшүндө иштелип чыккан документтер «Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана колдонулат.