КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 18-октябры ПЖ № 227
Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин мурда кабыл алган чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 22-июнундагы № 282 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 18-январындагы № 7 "Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин маселелери жөнүндө" Жарлыгы.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
А. Атамбаев |